Дүйнөдө
Зоопаркта эки горилла коронавируска чалдыкты
Элита плюс
Январь 13, 2021 г.
Зоопаркта эки горилла коронавируска чалдыкты
© Элита плюс

Кошмо Штаттардын Сан-Диего шаарындагы зоопаркта эки горилла коронавируска чалдыкканы маалым болду. Алгач алар чүчкүрө башташкан. Ошондон улам алардан анализ алынып, COVID-19 бар экени аныкталган.

Зоопарктын жетекчилигинин айтымында, гориллалар ооруну жеңил көтөрүшүүдө. Алар сууну көп ичип, тамактан баш тартышкан жок.

Алдын-ала маалыматтарга караганда вирус жаныбарларга зоопарктын жумушчуларынын биринен жуккан болушу мүмкүн. Эгер маалымат ырасталса, бул коронавирус адамдан маймылга жуккан биринчи учур болуп калат.

Мурдарак «Scientific Reports» журналында жарыяланган макалада окумуштуулар коронавирус адамдан итке, мышыкка жана арстан-жолборсторго жугарын жазышкан.

Данияда адамдан суркүзөнгө жуккан коронавирус жаныбардын организминде мутацияланып кеткени аныкталган. Мындан улам түмөндөгөн суркүзөндөр жок кылынды.