Коом
Жыргалбек Сагынбаев: "Мамлекеттик органдардын буйрутмалары, мамлекеттик гана басмаканалардан аткарылышы керек"
Элита плюс
Октябрь 23, 2020 г.
Жыргалбек Сагынбаев: "Мамлекеттик органдардын буйрутмалары, мамлекеттик гана басмаканалардан аткарылышы керек"
© Элита плюс
Жыргалбек Сагынбаев: "Мамлекеттик органдардын буйрутмалары, мамлекеттик гана басмаканалардан аткарылышы керек"
© Элита плюс
Жыргалбек Сагынбаев: "Мамлекеттик органдардын буйрутмалары, мамлекеттик гана басмаканалардан аткарылышы керек"
© Элита плюс

КРнын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Сагынбаев Жыргалбек Калмуратович “Учкун” ААКнын басмаканасына иш сапары менен келди. 94 жылдык тарыхы бар өндүрүштүк ишкананын келечегин өнөктүрүү максатында, ишкананы колдой тургандыгын билгизди.

Министр “Учкун” басмаканасында болуп, атайын мамлекеттик документтерди чыгаруу боюнча, толук циклда иштеген Офсет, Гезит жана Мукабалоо цехтеринин жабдуулары менен кенен таанышып чыкты. Ал өз сөзүндө «Премьер-министр Жапаров Садыр Нуркожоевичтин тапшырмасынын негизинде биринчи кезекте Ата Мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо максатында,”Учкун” ААКсына келип отурабыз. Бүгүнкү күндө көп жылдык тарыхы бар ишканын мамлекеттик персонификациялык документтерди, лицензия, сертификат, айдоочунун күбөлүктөрү, окуу куралдары, класстык журналдар, бланктар, мектеп жашына чейинки балдар үчүн жана көркөм адабий китептерди басууда бардык шарттары бар экендигине күбө болдум. Ошондой эле, “Учкун” полиграфиясын керектүү жабдуулар менен камсыздап, келечекте е-паспортторду, айдоочулук күбөлүктөрдү жана дагы башка мамлекеттик маанидеги документтерди, чет мамлекеттик басмаканалардан эмес, өзүбүздүн ишканалардан басып чыгарылышы керек. Себеби бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүү үчүн, басмакана жаатында чет мамлекеттерге ири суммадагы тендерлерди бербей, көмүскөдө болуп, ачык жарыяланбай бюджетке тартыштык жаратып жаткан, мамлекетке салык төлөбөгөн жеке ишканаларды да күчөтүлгөн тартипте көзөмөлгө алып, республикалык бюджетке пайда келтире турган ишканаларды колдошубуз зарыл. Мамлекеттик органдардын буйрутмаларын бардык түрүн, мамлекеттик гана басмаканалардан аткарылышы керек» - деп өз сөзүндө баса белгиледи.

“Учкун” ААКнын жетекчили жана жалпы жамааты Сагынбаев Жыргалбек Калмуратовичке жаңы ишине ийгилик каалап, алдыда ишеним артып, Кыргыз Республикасынын өндүрүрүшүн өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүп жаткандыгына терең ыраазычылык билдирет.