Спорт
Жылдын мыкты спортчусу Жоламан ШАРШЕНБЕКОВ
Элита плюс
Декабрь 31, 2020 г.
Жылдын мыкты спортчусу Жоламан ШАРШЕНБЕКОВ
© Элита плюс
Жылдын мыкты спортчусу Жоламан ШАРШЕНБЕКОВ
© Элита плюс
Жылдын мыкты спортчусу Жоламан ШАРШЕНБЕКОВ
© Элита плюс
Жылдын мыкты спортчусу Жоламан ШАРШЕНБЕКОВ
© Элита плюс
Жылдын мыкты спортчусу Жоламан ШАРШЕНБЕКОВ
© Элита плюс
Жылдын мыкты спортчусу Жоламан ШАРШЕНБЕКОВ
© Элита плюс
Жылдын мыкты спортчусу Жоламан ШАРШЕНБЕКОВ
© Элита плюс

Жоламан Шаршенбеков 1999-жылы 29-сентябрда Талас облусундагы Манас районуна караштуу Бала-Саруу айылында туулган. Атасы Назарбек Рысалиев 1972-жылы туулган, жеке ишкер. Апасы Гүлнара Жуманалиева 1974-жылы туулган, №5 компьютердик гимназияда математика мугалими болуп эмгектенет. Жоламан - беш бир туугандын үчүнчүсү. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын машыктыруучулук факультетинин 4-курсунун студенти. Күрөштүн грек-рим түрү менен машыгат. Бою 161 сантиметр, салмагы 60 килограмм. Машыктыруучусу - КРнын Эмгек сиңирген машыктыруучусу Хаким Махмудов.

Жоламан Шаршенбеков - грек-рим күрөшү боюнча КРнын 5 жолку чемпиону, грек-рим күрөшү боюнча спорт чебери. 2015-жылы Индияда өткөн Азия чемпионатында алтын медалга, 2016-жылы Кытайдын Тайбэй шаарында өткөн Азия чемпионатында коло медалга, 2016-жылы Грузияда өткөн дүйнө биринчилигинде коло медалга, 2017-жылы Азия чемпионатында күмүш медалга, 2017-жылы Финляндиядагы дүйнө биринчилигинде күмүш медалга, 2018-жылы 19 жашында Венгриянын Будапешт шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионатта күмүш медалга ээ болгон. Быйыл 2020-жылы 14-декабрда Жоламан Сербиянын Белград шаарында өткөн Дүйнө кубогу мелдешинде финалдык беттеште орусиялык Степан Марянянды утуп алтын медалга ээ болду. Бул Кыргызстандын, кыргыз элинин жеңиши.

Кыргызстандын намысын коргогон сыймыктуу балбаныбыз Жоламан Шаршенбеков маңдай терин агыза машыгып, ар качан алдына ат салдырбай келет. Келечектен көптү үмүт арттырган белгилүү спортчу 2018-жылы дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшүнөн күмүш медалга ээ болгондо Бала-Саруу айылынан чыккан коомдук ишмер, меценат, мекенчил эл уулу, Жоламандын аяш атасы Доскул Бекмурзаев жогорудагыдай ийгиликтерине баа берип, ак калпак кыргыз журтунун ак батасын алып берүү үчүн алдына аргымак мингизип, өзүнүн агалык милдетин аткарып, жаш спортчуга дем-күч берген. Бул жолу дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшүнөн алтын медалга ээ болгон Жоламанга Доскул Бекмурзаев ак өргөнүн ачкычын тапшырып, калың элди чогултуп бата алып берди. Ал иш-чарага Жоламандын машыктыруучуларынан тарта спортчулар, ага-тууган, эже-агайлары жана башкалар катышып, ак баталарын арнашты. Жоламанга жана анын машыктыруучусуна «Талас ынтымагы» тарабынан умрага 2 жолдомо сертификаты берилсе, «Адеп башаты» коомунан да умрага барып келүү сертификаты тапшырылды. Андан сырткары Бала-Саруу айылынын ынтымагынын  атынан кыл куйрук, ак боз ат ыйгарылды.

“Көрүнгөн тоонун ыраагы жок” дегендей, мыкты атаандаштар менен беттешип жеңиштин даамын таткан балбаныбыз алдыда дагы далай намыс талашып, жеңиш алып келеринен ишеним чоң. Балбаныбыздын басар жолу, ашар ашуусу али алдыда. Жоламан учурда 21 гана жашта. Андыктан ушул иш-чарада берилген ак баталар кабыл болуп, тилектер орундалып келаткан жылы боло турган олимпиадада дагы Таластын кулуну, кыргыздын сыймыктуу уулу Жоламан алтын медалды багындырса деген тилек. Мындан ары да жаш балбан албан-албан  ийгиликтерди багындырышын Кудайдан тилейбиз. Жоламан, жолуң шыдыр, жолдошуң кыдыр болсун! Жараткан сени жаман көздөн, суук сөздөн сактасын! Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып чоң атасын, машыктыруучусун, апасын, мугалим эжесин кепке тарттык.

Шаршенбек РЫСАЛИЕВ, Ж. Шаршенбековдун чоң атасы:

 «Буюрса, кыргыз элине алтындын далайын алып келет деп ишенем»

- Жоламан төрөлгөндөн 3-класска чейин менин колумда чоңойду. Ошол кезде эле балдар менен күрөшүп абдан өжөр, тырышчаак болчу. Небере деген өз балаңан дагы таттуу болот экен. Абдан жакшы көрчүмүн. Төшүмө отуруп алып эки колумду көтөрүп мени мотоцикл кылып ойночу. Кийин Бишкекке келип окуп, күрөш менен алектенип калды. Таластын Бала-Саруу деген айылында турабыз. Буюрса, машыктыруучусу айылга барып 10-15 күн эс алып келүүгө уруксат берди. Өзү дагы айыл жашоосун абдан жакшы көрөт. Бирок Жоламан ар дайым машыктыруучусунун карамагында болгондуктан көп ээн-эркин бастыра бербейт. Биз деле айылга барганда «көп баспа, көөп кетпе» деп тыйып турабыз. Неберемдин ар бир чыккан таймашына аз күн калганда кандайдыр бир аян түштөрдү көрөм. Бардыгын жакшылыкка гана жоруйм. Өзү абдан мээнеткеч. Ушул мүнөзүнөн жазбай аракетин көрүп жүрө берсе, Кудай буюрса, кыргыз элине мындай алтындын далайын алып келет деп ишенем. Буга чейин менин атым Шаршенбек деп Талас элине, кыргыз элине гана таанылган болсо, азыр бүткүл дүйнө жүзүнө таанылып атканына сыймыктанып турам. Неберемдин атасы менин уулум Назарбек дагы убагында мыкты күрөшчү. Бирок кийин уланта албай калды. Анткен менен Назарбек уулунун ушундай ийгиликтерине жетишине салым кошууга жан үрөп жүрөт. Атанын жолун улап Жоламаным кыргыздын атын дүйнөгө таанытууда. Ушул ийгилигине дем-күч берип ар дайым колдоп, коштоп турган Бала-Саруу айылынын кулуну, аяш атасы Доскул уулума да ыраазычылыгымды билдирем. Кыргыздын патриот жигиттери жакшылыктарда бар болушсун.

Хаким МАХМУДОВ, машыктыруучусу:

«Сыйлыктары кыргыз элинин сыймыгы, даңкы үчүн арналат»

- 2008-жылы Шаршенбеков Жоламан 27 килограмм салмакта 3-орунду алган. Ошондон бери тынбай машыгуунун үстүндө жүрүп бардык мелдештерде алдыңкы орунду эч кимге берген жок. Алган сыйлыктарынын бардыгы кыргыз элинин сыймыгы, даңкы үчүн арналат. Жалпы кыргыз элин Жоламандын жеңиши менен дагы бир жолу куттуктайм. Жоламанга Жараткан ден соолук, узун өмүр берсин.

Таалайкүл ИМАНКАСЫМОВА, Бишкек шаарындагы №5 улуттук технологиялар мектеп-лицейинин математика мугалими:

«Кыргыздын үмүтүн өчүрбөй дагы бир сыйлыкты колго алды»

- Жоламанды 5-класстан баштап 11-класска чейин окутуп, куратору болдум.  Жоламан башка балдардан жоопкерчиликтүүлүгү, боорукерлиги менен айырмаланып турчу. Эң жакшы деген бааларга окуп, аны менен спортту дагы бирге алып кетүүгө аракет кылды. Коомдук иштерге активдүү катышып, класстык иштерди туура, так аткарчу. Мектепти ийгиликтүү аяктагандан кийин спорт тармагына баш-оту менен киришип, мелдештерде алдыңкы орундарды багындырганы мени абдан сүйүндүрүп келет. Мына бүгүн мен эле эмес, бүткүл кыргыз эли кубанып, сыймыктануу менен ыраазычылыгыбызды билдирип турабыз. Ошол мелдештин түз алып берүүлөрүн түнү менен уктабай көрүп, акыркы мүнөттөрдө көзүмө жаш алдым. Азамат экен Жоламан, кыргыздын үмүтүн өчүрбөй дагы бир сыйлыкты колго алып кубандырып койду.

Гүлнара Жуманалиева, Жоламандын апасы:

«Жоламан деп уулубуздун атын атасы койгон»

- Жоламан төрөлө элек кезинде атасы экөөбүз «Кылым карытар бир күн» тасмасын көрүп олтуруп ал андан өзгөчө таасирленген окшойт. Дароо эле: «Буйруса, мен уулдуу болсом, атын Жоламан коём», - деп ниеттенген. Ошентип, уулубуз төрөлүп, ошондогу ниет менен турмушта жолу ачык жана аман болсун деген тилекте атын Жоламан деп атасы өзү койгон. Кудайга шүгүр, жолу ар дайым шыдыр, ачык. Дагы да болсо ийгиликтерди багындырып аман болсун. Негизи Жоламан өтө шайыр, ачык, бирөөгө жаман ою жок, таарынганды дагы билбеген жан. Биз ата-энебиз менен бирге айылда 15 жылдай бирге жашадык. Жоламан чоң атасынын эле баласы болуп калган. Себеби атам койнуна алып жатып, басса-турса жанына жетелеп жүрүп чоңойтту. Биз өзүнчө бөлүнүп кеткенден кийин деле Жоламан атамдарга тартылып жүрдү. Башка балдарымдан өтө жароокерлиги, жумшактыгы, сезимталдыгы менен айырмаланат. Баламдын ар бир мелдешке чыгар алдында атасына, апасына аян түш кирет. Атасы Назарбек көп түштөрдү алдын ала көрөт. Бирок ичинен тымызын ойлонуп жүрө берет да, мелдеш болуп бүткөндөн кийин айтып калат. Ал эми апам дароо эле билет. Бирок көп айта бербейт. Мен баламдын ар бир мелдешин күтүп көрөм. Бирок эч нерсе боло электе эле көзүмө жаш алып ыйлап алам. Атасы Назарбек: “Көрбөй эле койчу, утушка ээ болгондо айтабыз”, - дей берет. Ага болбой Кудайдан тиленип өзүнчө бөлмөгө барып алып жашынып ыйлап көргөн күндөрүм көп болду.

Жазгүл КАРБОСОВА