Аймактар
Акылбек ОСМОНАЛИЕВ, Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү: “Облуста 42 өндүрүш ишканасы ачылды”
Элита плюс
Март 23, 2020 г.
Акылбек ОСМОНАЛИЕВ, Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү:  “Облуста 42 өндүрүш ишканасы ачылды”
© Элита плюс
Акылбек ОСМОНАЛИЕВ, Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү:  “Облуста 42 өндүрүш ишканасы ачылды”
© Элита плюс
Акылбек ОСМОНАЛИЕВ, Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү:  “Облуста 42 өндүрүш ишканасы ачылды”
© Элита плюс
Акылбек ОСМОНАЛИЕВ, Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү:  “Облуста 42 өндүрүш ишканасы ачылды”
© Элита плюс

Быйылкы жыл Ысык-Көл облусу боюнча жемиштүү жылдардан болду. Туристтик сезон жакшы өтүп, облустун бардык тармагында алгылыктуу иштер жасалган. 10 айдын жыйынтыгы боюнча аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү тармагындагы көрсөткүчтөрдүн өсүү динамикасы айыл чарбасында 101,3 %, өнөр жайында 132,8 % өсүү болгон. Ушундан улам мыкты губернатор Акылбек Шариповичке “Элита plus” журналынын окурмандарынын добушу менен редакциялык кеңешинин чечими менен “Жылдын мыкты губернатору” наамын ыйгарууну чечтик. Журт ичине чынчылдыгы жана калыстыгы менен таанылган жетекчи Акылбек Шарипович менен кызыктуу маек курууга да жетиштик.

  • Акылбек Шарипович, быйылкы туристтик сезон кандай өттү?

  • Кудайга шүгүр, жаман эмес. Сезондун кандай болгонун келген туристтердин санынан билсек болот. Быйыл облусубузда 1 267 098 адам зыярат кылды. Бул былтыркыга салыштырмалуу 342 466 кишиге көп. Албетте, биз үчүн келген эс алуучулардын коопсуздугу абдан маанилүү. Бул жылы облус боюнча жайкы туристтик сезондо эс алуучулардын сууга түшүүдөгү коопсуздугун сактоого 131 куткаруучу, жол кыймылынын коопсуздугун сактоо үчүн 19 пост, 80 кызматкер, 38 кызматтык автоунаа кызмат өтөдү. Ал эми туристтик мезгилде коомдук коопсуздукту камсыз кылууга 924 милиция кызматкери тартылды. Туризмдин өнүгүүсүндө инфраструктуранын ролу чоң. Бул багытта да алгылыктуу иштер алып барылууда. Келген туристтердин бардык муктаждыктарын тиешелүү деңгээлде канааттандырганга болгон аракетти жумшадык. Ошондой эле алдыдагы кышкы туристтик сезонго дагы үмүтүбүз чоң. Акыркы 10 жылда Ысык-Көл облусу жалгыз эле жайкы туризм менен чектелбей, кышкы туризмдин дагы борборуна айланган. Эгер жайкы туристтик мезгилдин активдүүлүгү 2 ай менен гана чектелсе, кышкы туристтик мезгил 4 айга созулууда.

  • Дегеле бул жыл облус боюнча жемиштүү болдубу?

  • Аймактагы туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыздоо үчүн жаӊы иш орундарын жана жаӊы ишканаларды түзүү боюнча максаттуу иштер жүрүүдө. Ар бирин айтпасам да эки-үчөөнү атасам, Балыкчы шаарындагы эт комбинатынын курулушу уланууда. Ак-Суу районунун Сары-Жаз айылындагы калай-вольфрам кенин өздөштүрүүгө ири инвестиция салуу пландалууда. Чакан жана орто бизнеске каржылык колдоо көрсөтүү максатында 2019-жылы Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондусунун каражаттарын жеке ишкерлерди колдоого уруксат берүүчү КРнын Өкмөтүнүн Ысык-Көл өнүктүрүү фондусу жөнүндөгү Жобосуна өзгөртүү, толуктоолор киргизилип, бул багытта ишкерлерди каржылоо боюнча тиешелүү иштер башталды. Облустун мындан аркы туруктуу өнүгүү багыттарын аныктоо жана камсыздоо максатында дүйнөлүк банктын колдоосу менен Ысык-Көл облусунун өнүгүү стратегиясын иштеп чыгуу процесси башталды. 2019-жылдын 10 айынын жыйынтыгы менен облустун аймагында жаӊы 42 өндүрүш ишканасы ачылып, анын натыйжасында 271 жумуш орду түзүлдү. Ал эми аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата облустагы 61 айыл аймагынын 59уна жогорку ылдамдыктагы интернет туташтырылды. Эңилчек, Ак-Шыйрак айыл өкмөттөрү алыскы сырт өрөөндө жайгашкандыктан спутникалык байланыш аркылуу интернетке кошуу маселеси чечилүүдө. Учурда Ысык-Көл облусундагы 191 мектептин 189 мектеби интернет менен камсыз болушкан. Алыскы айылда жайгашкан эки мектепти интернетке кошуунун альтернативдик түрлөрү каралууда. Анын ичинен “Кыргызтелеком” ААКы аркылуу 147 мектеп интернетке кошулган. Облус боюнча 169 саламаттыкты сактоо мекемелеринин ичинен 96 мекеме интернет түйүнүнө туташтырылып, эми калганын туташтыруу үчүн иш жүрүүдө. Салык системасын санариптештирүүдө 2019-жылдын 1-июлунан тарта электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактураны колдонуу боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилген. Ошондой эле 2018-жылы Балыкчы шаарынын мэриясы тарабынан “Коопсуз шаар” муниципалдык программасы кабыл алынып, бир катар иш-чаралар уюштурулду. Балыкчы шаарынын борбордук ж.б. көчөлөрүнүн кесилиштерине 84 байкоочу камералар орнотулган.

  • Иш жүргөн жерде көйгөй да болбой койбойт. Дагы кайсы иштерди аткаруу планыңызда?

  • Туура айтасыз, бизде таштандыларды төгүүчү жайлардын абалы көйгөйлүү. Андыктан ал жайлардын жер аянттарын трансформациялоо, таштандыларды кайра иштетүү заводунун жоктугу маселе жаратып келет. Буюрса, алдыда ушул иштерди аткарабыз. Андан сырткары “Балыкчы-Каракол-Балыкчы” автожолдорун реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруубуз абзел. Ошондой эле калкты таза суу менен камсыздоо - заман талабы.

  • Облустун экономикасы кандай деңгээлде?

  • Облустагы өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2019-жылдын январь-октябрь айларында “Кумтөр” кен казуу ишканасын жана энерго түйүндөрү менен бирге алганда, өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн жалпы көлөмү 52,9 млрд сомду түзүп, физикалык көлөмүнүн индекси өткөн жылдарга салыштырмалуу 132,8 пайызды түздү. “Кумтөр” кен казуу ишканасын эсепке албаганда, 4140,4 млн сомго продукция өндүрүлүп, физикалык көлөмүнүн индекси 105,8 пайызга барабар. Ошондой эле жогоруда айткандай, 2019-жылдын январь-октябрь айларынын жыйынтыгы менен облуста 42 кичи ишканалар ишке берилип, 271 адам иш менен камсыз болуп, салымдардын көлөмү 66,7 млн сомду түзгөн. 2019-жылдын январь-октябрь айына бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышында, бажы төлөмдөрүн жана бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын эске албаганда, Ысык-Көл облусу боюнча түшкөн салыктардын жалпы контингенти 1780,7 млн сомду түзүп, пландалган көрсөткүчтөр 100,0 пайызга аткарылган . Ал эми бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 92,3 млн сомго көп же ѳсүү темпи 105,5 пайызга камсыздалды. Республикалык бюджет 808,6 млн сомду түзүп, план 96,6 пайызга аткарылып, пландан 28,3 млн сомго аз жыйналган. Ал эми бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 83,5 млн сомго аз аткарылып, ѳсүү темпи 90,6 пайызга камсыз кылынган. Ал эми жергиликтүү бюджет атайын каражаттарды эске албаганда, 972,1 млн сом жыйналып, план 103,0 пайызга аткарылып, пландан 28,0 млн сомго көп жыйналды. Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 175,8 млн сомго көп, ѳсүү темпи 122,1 пайыз камсыз кылынды.

  • Аймактын келечегин кандай элестетесиз?

  • Келечекте Ысык-Көл облусу өнүккөн туризм ордосуна айланып, Каракол, Балыкчы шаарларында ири кайра иштетүү өндүрүштөрү ишке кирет. Анын натыйжасында эки шаардын тегерегиндеги райондордун айыл чарба тармактары сезилерлик өсүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Облустун мындай позитивдүү келечегин түзүү үчүн азыртан эле тиешелүү кадамдар жасалууда. Мисалы, Ысык-Көл облусунун учурда иштелип жаткан өнүгүү стратегиясына Каракол шаарындагы аэропортту жаӊылап кайра куруп чыгуу маселеси каралган. Каракол, Балыкчы шаарлары өнүгүү чекити катары тандалып алынып, алардын орто мөөнөттөгү өнүгүү программалары иштелип чыкты. Бул программаларды ишке ашыруу аркылуу биз эки шаарды ири өнөр жай, кызмат көрсөтүү жана транспорт ордосуна айланта алабыз. Жол-транспорт инфраструктурасын жакшыртуу боюнча максаттуу багытталган иштерди жүргүзүү пландалууда. Бул иштер үчүн эл аралык донордук уюмдардын да каражат ресурстары тартылат.