Искен КАЧКЫНБАЕВ, Кыргызстан эстетикалык хирургдар коомунун башчысы: “Эстетикалык хирургия - хирургиядагы эң татаал тармак”
Элита плюс
Март 23, 2020 г.
Искен КАЧКЫНБАЕВ,  Кыргызстан эстетикалык хирургдар коомунун башчысы:  “Эстетикалык хирургия - хирургиядагы эң татаал тармак”
© Элита плюс
Искен КАЧКЫНБАЕВ,  Кыргызстан эстетикалык хирургдар коомунун башчысы:  “Эстетикалык хирургия - хирургиядагы эң татаал тармак”
© Элита плюс
Искен КАЧКЫНБАЕВ,  Кыргызстан эстетикалык хирургдар коомунун башчысы:  “Эстетикалык хирургия - хирургиядагы эң татаал тармак”
© Элита плюс
Искен КАЧКЫНБАЕВ,  Кыргызстан эстетикалык хирургдар коомунун башчысы:  “Эстетикалык хирургия - хирургиядагы эң татаал тармак”
© Элита плюс

Искен Качкынбаев өлкөбүздөгү эстетикалык хирургдардын сап башында турган сыймыктуу инсан. Анын бул тармакта алектенгенине 20 жылдай болду. Бул жылдарда бир нече операцияларды жасап, акыркы жылдары эстетикалык сулуулукту илимий жактан изилдеп жүрөт. Жакында Америкада болуп, “азият улутундагы кыздарга сурма жасоонун сырлары” боюнча доклад жасагандыктан, бул илимий иш-сапары тууралуу маектештик.

-Искен Каримович, жакында эле Америкадан келгениңизди эшиттик. Ал жактан кандай жаңылыктар менен келдиңиз?

  • Эки жылда бир дүйнө жүзүндө эстетикалык пластикалык хирургдар чогулуп, чоң конгресс өтөт. Төрт жыл мурун Японияда, андан мурун Чилиде өтсө, быйыл Майамиде өттү. Бүткүл дүйнөдөн 4 миңден ашуун эстетикалык хирургдар келишти. Жаңы лекцияларды угуп, жаңы илимий ачылыш, методикалар менен тааныштык. Бул эстетикалык хирургия дүйнөсүндө эң чоң чогулуш десек болот. Мен 4-5 жылдан бери Европа, КМШ мамлекеттерине өзүмдүн иштеримди көрсөтүп, аныктамаларымды далилдеп жүрөм. Мисалы, Россияда “азият көздөргө сурма жасоо боюнча докладдардан” башка хирургдардыкына караганда менин докладым өтө маанилүү болот. Мактангандай болбоюн, кайсы гана конгресс болбосун, сурма боюнча мени чакырышат. Бул боюнча 2 миңден ашык операция жасап, анализ кылып, “азият улутундагы айымдардын бет түзүлүшү окшош” деген мурунку пикирге “Жок, окшош болбойт. Сурмасы жок азият улутундагы көздөрдүн 5 түрү болот”-деп каршы чыгып, ошол 5 түрүн аныктап, дүйнөлүк конгрессте англис тилинде доклад жасадым. Мындан 8 жыл мурда Сан-Францискодо өткөн конгресске катышкан мамлекеттердин арасынан биздин өлкөнүн желегин таппай койгом. Ошондо “ушул жерде биздин да желек болот, ал турсун мен силерге доклад жасап, алган билимимди айтып берем”- дегем. Мына быйыл алар мени дүйнөлүк конгресске чакырышты. Абдан сүйүнүп, даярданып, англис тилин да үйрөндүм. Конгресстин төрагасы, дүйнөлүк профессорлор докладымды жактырып, аябай колдошту. Анын аркасынан январда Парижге чакыруу алдым.

-Мындай ийгиликке кантип жетиштиңиздер?

-Башында үйрөнүп жүрсөм, кийин күнүмдүк жумушум болду. Азыр эми 5-6 жылдан бери бул нерсени изилдеп, анализдеп жатам. Жөн гана операция жасап койбостон, аны анализдеп, иликтеп, билген нерсемди чет жакка чыгып айтып берүү менен ийгиликке жетиштим. Азыр Россия, Казакстан, Европага докладчымын. Азырынча биздин коңшу мамлекеттерден доклад жасаган дарыгер жок. Бул жагынан мактансак болот. Доклад жасагандан сырткары да азият улутундагы кыздарды операция жасап берчи, биз көрүп, методикаңар менен таанышалы деп чакырышат. Андай мастер класска көп баргам. Орус кесиптештерим эмгегимди баалап, Орусияда эстетикалык хирургиянын өнүгүшүнө салым кошкондугу үчүн деп Россиянын Саламаттыкты сактоо министри Скворцова быйыл Ардак грамота тапшырды.

-Искен мырза, эстетикалык хирургиянын биздин өлкөдө орду кандай?

-20 жылдан бери эстетикалык хирургия менен алекмин. Жылда өнүгүп, операция жасаткандар көбөйүүдө. Адистер да андан көп. Жаш кыздардан тышкары эжелер да көздөрүнө сурма жасата башташты. Бул кызматты пайдаланган мырзалар да жок эмес. Россиядан бир топ адистер келип биздин борбордон үйрөнүп кетишет. Себеби, сурма салдырам деген азият улутундагы кыздар Россияда дагы көбөйдү. Бул алардын эстетикалык хирургдары алсыз дегенди түшүндүрбөйт. Болгону алар буга чейин европа улутундагы кыздарга жасашкан. Азият улутундагы кыздар эми жасата баштады. Россиядагы кээ бир клиникалар Якутия, Саха ж.б. Сибир аймактарынан келген кардарларды “көзүңдү жакшы жасатам десең, Кыргызстанга бар”- деп жиберишет. Кыргызстан азият көздөрдүн мекени. Ошол себептен бизге якут, чукча, хакастар көп келип жасатып кетишет. Төш без салуу, кулак жасоо, бетти жашартуу, курсакты алуу, жамбашты чоңойтуу дүйнөлүк деңгээлде кандай жасалса, бизде да баары ошондой эле аткарылат. Мурда азият сурмасы боюнча доклад жасап келсем, азыр бетти тарттыруу, жашартуу боюнча да доклад жасоого чакыруу ала баштадым. Бет боюнча дүйнөлүк докладчылар жүздөн ашпайт. Ошол жүз илимпоздун арасына чакырылып, мен карылыктын этиологиясы боюнча доклад жасагам. Бул боюнча дагы дүйнөлүк конгресске Ливанга чакырышууда. Буюрса, келаткан жылы бет боюнча өзүбүздүн илимий докладыбызды жасайбыз. Айтор, эстетикалык хирургия боюнча дүйнөдө кадыр-баркыбыз бар десем болот.

-Көбүнчө жаштар кайрылса керек?

-Жашоомду, сырткы турпатымды өзгөртөм дегендер албетте жаштар. Айрымдары турмушун, тагдырын ушул нерсе менен байланыштырат. 95 пайызы айымдар болсо, 5 пайызын мырзалар түзөт. Бирок, мырзалардыкы бир аз башкачараак. Алар сынган мурун, сынган кулак же бетинде травмадан улам калган тырык, ошолорду алдырып, түздөтүшөт.

-Көзгө, төшкө, мурунга жасатып жатышат, эми бул нерсенин артында баары бир кандайдыр бир зыян болсо керек?

  • Дүйнө жүзүндө жылына миллиондогон операциялар жасалат. Эгер зыяны болсо анын баары жасалмак эмес. Анда бул операция чийилип, медицинадан алынып салынмак. Мисалы, мен 17 жылдан бери 3,5 миң көзгө операция жасадым. Кудайга шүгүр, баары эле жакшынакай. Азыркы заманбап медицинада коопсуздук деген нерсе 1-орунда турат. Бул тармак медицинада жаш илим эмес. 50 жылдан бери улам жаңыланып, жакшырып, өнүгүп келатат. Андыктан, туура жасалса эстетикалык операциянын эч кандай зыяны жок.

-Сиз эмне себептен хирургиянын дал ушул эстетикалык багытын тандагансыз?

-Башында микрохирург болуп 8 жыл иштедим. Микрохирургия бул медицинада өтө кылдаттыкты талап кылган тармак. Колду ордуна коюп, үзүлгөн кулакты ордуна тигип берүү чоң чеберчиликти талап кылат. Ал эми, 1993-1995-жылдары эстетикалык хирургия жаңыдан чыга баштаган. Анан жаңы нерсеге ар бир адис кызыгат. Ошол сыяктуу менде да кызыгып, терең ойлонуп, эстетикалык хирургияга багыт алып, Москвага барып окуп, үйрөндүм. Чынында эстетикалык хирургияны акча табуунун бир булагы катары кабыл албаса бул тармак өтө кызыктуу. Азыр мен институтта сабак берем. Ким болосуң? деген суроого көбү эстетикалык хирург болгусу келээрин айтышат. Себебин сурап “акчасы жакшы, хирург болгондорду көрүп жүрөбүз го” деген жоопту угам. Анан мен алардын оюн өзгөртүп, бул нерсенин аркасында кандай жоопкерчилик, кандай түйшүк бар экенин айтам. Эстетикалык хирургияда ката кетирбөө керек. Хирургиядагы эң татаал тармак мына ушул. Сенин жасаган ишиңди ал адамдан сырткары анын туугандары, жакындары көрөт. Жакшынакай келбет менен келсе аны туура эмес жасап салууга болбойт.

-Иштен чарчаганда кандай эс алууну жактырасыз?

-Иш көп. Бирок, убакыт тапса болот. Ар жумада жума күнү досторум менен бильярд ойнойм. Бассейнге барабыз. Дем алышта үй-бүлөм менен кышкысын лыжага барып, жайкысын дачабыздагы бакча иштери менен алектенебиз. Жубайым экөөбүз үч баланын, бир неберенин ата-энесибиз.

-Иш менен көп өлкөдө болдуңуз. Илимий саякаттоо адамдын жан дүйнөсүн, көз карашын өзгөртөт бекен?

-Албетте. Дүйнөнүн элүүдөй ооруканасын көрдүм. Ал жердеги оорулууга болгон мамилени, келишимди, методикаларын көрүп, тажрыйба топтоп жатам. Таасирленген нерселерди эмгек жамаатыма, кызматкерлериме, досторума, үй-бүлөмө айтып берем. Эки жыл мурун Японияга барып, алардын өз жерин, мамлекетин сүйөөрүнө күбө болдум. Көчөдө түкүрүп, тамекинин калдыгын таштаган адамды жолуктурган жокмун. Мисалы, Сингапурда сагызды жерге түкүргөндөргө 3 миң доллар айып пул салынат экен. Ал эми бизде кээ бирөөлөр сагыз эмес баштыгы менен таштандыны ыргытып жиберип атат. Бул туура эмес. Өз мамлекетибизди, өз тилибизди сыйлап, адептүүлүктү өзүбүздөн баштап, тазалыкты сактасак өсүп-өнөбүз. Жаман адаттардан арылуу кажет. Аң-сезимибизди оңдоп, илимге ыкташыбыз зарыл. Ушул жакшы нерселерге жалпы элди чакыраар элем.

-Англис тилинде доклад жасадым дедиңиз, канча убакытта үйрөндүңүз?

-Америкада 2 жума жүрдүм. Алардын тилинде сүйлөсөң аябай сүйүнүшөт экен. Ката кетирсем жардам берип жатышты. Мындан да жакшы үйрөнсөм деген максаттамын. Себеби, мен ойлогондой татаал деле эмес экен.

-Дагы кандай өнөрлөрүңүз бар?

-“Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” демекчи, көп эле иштер колуман келет. Үйдө устачылык кыла койчумун, акыркы жылдары иштин көптүгүнөн ал деле калды. Жашымда, тыйын тартыш кезинде үйдөгү эмеректерди жасап, кафелдерди чаптап алчумун. Кафель чаптоону, темир ширетүүнү кереги тиет деп армиядан үйрөнгөм.

Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА