Президент
Жылдын адамы-Садыр ЖАПАРОВ
Элита плюс
Декабрь 31, 2020 г.
Жылдын адамы-Садыр ЖАПАРОВ
© Элита плюс
Жылдын адамы-Садыр ЖАПАРОВ
© Элита плюс
Жылдын адамы-Садыр ЖАПАРОВ
© Элита плюс
Жылдын адамы-Садыр ЖАПАРОВ
© Элита плюс
Жылдын адамы-Садыр ЖАПАРОВ
© Элита плюс

Ачууну да, таттууну да көргөн Садыр ЖАПАРОВ 

Жапаров Садыр Нуркожоевич 1968-жылы 6-декабрда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Кең-Суу айылында туулган. Үй-бүлөлүү. Төрт баланын атасы.

Ата теги: Нуркожо, Мусталый, Жапар, Көчкүн, Солтонкул, Алыбай, Бирназар, Алдаш, Белек, Жамангул, Алсейит, Мырзакулмырза, Орозбак, Сарбагыш, Тагай, Агуул, Долонбий.

Ал 1986-жылы орто мектепти аяктап, ошол эле жылы Фрунзе шаарындагы Дене тарбия жогорку окуу жайына өткөн. 1987-жылы Советтик армиянын катарына чакырылып, 1989-жылга чейин Новосибирск шаарында радиотелеграфисттер бөлүмүнүн командири болуп кызмат өтөгөн. «Советтик армиянын отличниги» деген наам алган.

1989-жылдан 1992-жылга чейин кайрадан Дене тарбия институтунда билим алуусун уланткан. Экинчи жогорку билимин Кыргыз-орус славян университетинде алып, аталган университеттин юридикалык факультетин ийгиликтүү аяктаган.

Эмгек жолунда 1991-1994-ж.ж. дыйкан чарбанын жетекчиси, 1994-1996-ж.ж. Каракол шаарында жайгашкан “Керкей” ишканасынын башчысы, 1996-2001-ж.ж. “Гузель” ишканасынын башкы директору болуп эмгектенген. 2001-2005-ж.ж. Балыкчыдагы “Нурнефтегаз” нефтини кайра иштетүүчү кичи заводун куруп, ал ишканада башкы директор кызматын аркалаган.

Садыр Жапаров чоң саясатка 2005-жылы “Жоогазын” революциясынан кийин аралашкан. 2005-жылы мартта КРнын Жогорку Кеңешинин III чакырылышынын депутаты болуп өзү туулуп-өскөн Түп районунан шайланган. 2006-жылы мамлекеттик сыйлыктарды берүү боюнча комиссиянын мүчөсү, 2007-жылы Ырайым берүү комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп иштеген. Экинчи класстагы мамлекеттик кеңешчи. 2007-жылы 22-октябрда ошол убактагы президент К. Бакиевдин буйругу менен парламент тарап, С. Жапаров депутаттык ишмердүүлүгүн токтоткон.

2008-2010-ж.ж. Коррупцияга каршы күрөш боюнча улуттук агенттикте комиссар болуп эмгектенген. 2009-жылы мамлекет алдында сиңирген эмгеги жана Ысык-Көл облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясынын медалы менен сыйланган.

2010-жылы Орусиялык Афганистан ардагерлер союзунун атынан (Афганистан ардагерлер союзунун Орусия Борбордук башкармалыгынын 2009-жылдын 7-декабрындагы №485 чечиминин негизинде) “Ата мекендин жана ата журттун алдындагы сиңирген эмгеги үчүн” медалы менен сыйланган.

2010-жылы 7-апрель революциясынан көп өтпөй Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы улуттар аралык жаңжалда Садыр Жапаров өзүнүн жакын санаалаштары менен бирдикте улуттар аралык ынтымакты бекемдөөго салым кошуп тынчтыкты орнотушат.

2010-жылы күзүндө парламенттик шайлоодо “Ата-Журт” партиясынан депутат болуп шайланып, соттук-укуктук реформалар боюнча комитеттин төрагалыгына бекитилет.

2012-жылы эл өкүлү катары Ысык-Көлдөгү көйгөйлөрдү жана жалпы эле кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгы үчүн “Кумтөр” алтын кениндеги коррупциялык схемалардын айыбын ачып, бир катар экологиялык көйгөйлөрдү, компанияны улутташтыруу демилгесин парламентте байма-бай көтөрүп чыгат. Ушул кадамдары менен Садыр Жапаров коомдук ишмер катары калың элге кеңири таанылат.

2012-жылы күзүндө өткөн митинг үчүн Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаровго КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 295-беренеси («бийликти күч менен басып алууга аракеттер көрүлгөн») боюнча айыпталышып, иш козголгон соң бир жыл алты айга эркинен ажырайт. Бирок 2013-жылы мартта Бишкек шаардык соту тарабынан акталып, сот залынан бошотулат.

2013-жылы 27-июнда Каракол шаарында “Кумтөр” маселеси боюнча эл митингге чыгып, ал кездеги Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаев барымтага алынат. Бул иш боюнча Кубанычбек Кадыровду жана митингдин уюштуруучуларынын айрымдарына иш козголуп, Садыр Жапаров өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Кийин Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаев бул ишке Садыр Жапаровдун күнөөсү жок экенин билдирсе да ал кездеги А. Атамбаевдин бийлиги саясатчыга куугунтуктоо иштерин уланта берет.

Садыр Жапаров 4 жыл Польшада жашап, 2017-жылы өз өлкөсүнө кайтууну чечет. 2017-жылы 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан аны кармап түз эле УКМКнын абагына жеткирип, “массалык башаламандык уюштурган жана Э. Каптагаевди барымтага алган” деп айыпталып 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылат.

2020-жылы 5-октябрда “бийлик өз ресурстарын колдонду, парламенттик шайлоо болуп көрбөгөндөй бурмаланып, акыйкатсыз өттү» деген калың эл аянтка нааразычылык акциясына чыгышат. 5-октябрдан 6-октябрга оогон түнү жалаң жаштардан турган топ саат 02:30да С. Жээнбековдун бийлигин кулатат.

Көптөгөн элдин колдоосу менен Садыр Жапаров жаза мөөнөтүн өтөп жаткан №1 колониядан бошотулуп, “Достук” мейманканасында өлкөнүн премьер-министри болуп дайындалат. 15-октябрда мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков бийликти өз каалоосу менен өткөрүп берип, парламенттин колдоосу менен Садыр Жапаров КРнын президентинин жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп ишке киришет.

Садыр Жапаров 2020-жылы 14-ноябрда мамлекеттик жооптуу кызматтарга бир катар кызматкерлерди дайындоолор үчүн буйрукка, анын ичинде Мамлекеттик чек ара кызматын УКМКнын курамына кошулуусу үчүн буйрукка кол койгон соң 2021-жылдын 10-январында өтө турган Кыргыз Республикасынын президенттик шайлоосуна талапкерликке аттануу үчүн арыз жазып, президенттин жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу кызматын өткөрүп берген. Бүгүнкү күндө президенттик шайлоонун айныксыз фавориттеринин бири Садыр Жапаров экени талашсыз. Себеби Садыр Нуркожоевичтин башка президенттерден айырмасы ачууну да, таттууну да көрө билгени болуп саналат. Андыктан карапайым калктын калың катмарынын каалоосу, мүдөөсү менен адилеттикти талап кылып абакта отурган жеринен журт башчылыгына чейин жеткен жылдын адамы Садыр Жапаровго Жараткан жар болсун! Кыргызстандын, өлкөнүн келечеги үчүн кам көрүүгө жан үрөгөн Садыр Нуркожоевичке ийгиликтерди каалайбыз. Аны менен катар “Элита plus” журналынын окурмандарынын добуштары жана редакциялык кеңешинин чечими менен “Жылдын адамы” наамын тапшырууну эп көрдүк.