Аймактар
Журналист Мирбек Кожоев Ысык-Көл облусуна жетекчи болду
Элита плюс
Май 11, 2021 г.
Журналист Мирбек Кожоев Ысык-Көл облусуна жетекчи болду
© Элита плюс

Бүгүн, 11-майда Министрлер кабинетинин Ысык-Көл облусунундагы өкүлү Элчибек Жантаев кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Улукбек Марипов кол койгонун Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун дагы бир буйругу менен Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мирбек Кожоев дайындалды.

Мирбек Кожоев буга чейин КТРКда журналист, Президенттин аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу инспектордук иш бөлүмүнүн башчысынын орун басары – мониторинг секторунун башчысы кызматтарында иштеген.

Ал эми Элчибек Жантаев Айыл, токой жана суу чарба министрлигине караштуу Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды.