Аймактар
Жумгалда жаңы мектеп курулууда
Элита плюс
Сентябрь 18, 2020 г.
Жумгалда жаңы мектеп курулууда
© Элита плюс

Жумгал районуна караштуу Баш-Кууганды айылында жаңы мектеп курулууда. Ш. Садыбакасов атындагы орто мектептин эски имараты авариялык абалда деп табылган. Элетте жаңы мектептин курулушу отуз жыл мурда башталып, кийин токтоп калган. 2014-жылдан бери башка долбоор менен курулуш уланып келатат. Соңку эки жылда каражат жетиштүү бөлүнүп, иш жанданган. Долбоор 75 пайызга аяктап калды.