Коом
ЖОЖдорго кабыл алуу онлайн форматта жүргүзүлөт
Элита плюс
Июль 08, 2020 г.
ЖОЖдорго кабыл алуу онлайн форматта жүргүзүлөт
© Элита плюс

2020-2021-окуу жылында ЖОЖдорго кабыл алуу онлайн форматта жүргүзүлөт. Бул тууралуу брифинг учурунда Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

-Ал үчүн атайын “Абитуриент Online” автоматташтырылган маалыматтык системасы билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыкты, — деди ал.

Анын айтымындад, онлайн системанын негизги максаты – пандемия учурунда жарандардын коопсуздугун сактоо жана бардык абитуриенттерге бирдей шарт түзүү.

Аны менен бирге, абитуриенттерге ЖОЖго кирүү үчүн конкурска электрондук форматта катышууга мүмкүнчүлүк түзүп, кабыл алуу комиссияларынын конкурстун жүрүшүнө жана жыйынтыктарына тийгизүүчү таасирин минималдаштыруу болуп эсептелет.