Спорт
Жоламан Шаршенбеков жеңишинен кийин билдирүү жасады
Элита плюс
Декабрь 15, 2020 г.
Жоламан Шаршенбеков жеңишинен кийин билдирүү жасады
© Элита плюс

Жоламан Шаршенбеков Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун финалында орусиялык балбан Степан Марянянды жеңип, алтын медалга ээ болду.

Финалдык беттештен кийин Жоламан Шаршенбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жасады.

"Бул жеңиш агайлардын эмгеги жана команданын биримдиги. Кыргыз элим үчүн жанымды берем", - деп жазды Жоламан Шаршенбеков

Кыргыз балбанынын бул билдирүүсүнө атактуу орусиялык балбан, "Лондон-2012" жана "Рио-2016" жайкы олимпиада оюндарында жана Белградда өтүп жаткан Дүйнө Кубогунда 77 килограмм салмак ченинде чемпион болгон Роман Власов дагы реакция кылды.

Жоламан Шаршенбеков Белградда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө Кубогунда алтын медаль уткан алгачкы кыргыз балбаны болду.