Спорт
Жоламан Шаршенбеков менен Руслан Царевге унаа тапшырылды
Элита плюс
Декабрь 20, 2020 г.
Жоламан Шаршенбеков менен Руслан Царевге унаа тапшырылды
© Элита плюс

Сербиянын борбору Белград шаарында өткөн Дүйнө Кубогуна күрөштүн грек-рим түрү боюнча катышып алтын жана коло медаль уткан Жоламан Шаршенбеков жана Руслан Царевге жеке ишкер унаа тапшырды. Бул тууралуу балбандар өздөрүнүн социалдык тармактагы баракчаларына жазышты.

Жеке ишкер Жоламан Шаршенбековго Мерседес үлгүсүндөгү унаанын ачкычын тапшырса, Руслан Царевге Тойота үлгүсүндөгү унаа берилген.

12-18-декабрь күндөрү өткөн бул мелдешке 60 килограмм салмак ченинде катышкан Жоламан Шаршенбеков мелдештин финалына чейин жетип, финалда орусиялык Степан Марянян аттуу балбанды 4:4 эсебинде жеңип, алтын медаль уткан.

Ушул эле турнирге 72 килограмм салмак ченинде килемге чыккан кыргыз балбаны Руслан Царев алгачкы беттешинде эле венгриялык Балинт Корпашиге 2:1 эсебинде утулган. Венгриялык балбан финалга чыккандыгына байланыштуу Руслан Царев болгариялык Айк Мнацаканян менен коло байге үчүн кез келип, 3:1 эсебинде жеңип коло байгеге ээ болгон.