Саясат
Жогорку Сот Карганбек Самаковго чыгарылган өкүмдү жокко чыгарды
Элита плюс
Февраль 10, 2021 г.
Жогорку Сот Карганбек Самаковго чыгарылган өкүмдү жокко чыгарды
© Элита плюс
Жогорку Сот Карганбек Самаковго чыгарылган өкүмдү жокко чыгарды
© Элита плюс
Жогорку Сот Карганбек Самаковго чыгарылган өкүмдү жокко чыгарды
© Элита плюс

Жогорку Сот экс-депутат Карганбек Самаковго чыгарылган өкүмдү жокко чыгарды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 3-февралындагы токтому менен Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2017-жылдын 19-декабрындагы жана Бишкек шаардык сотунун 2018-жылдын 1-июнундагы Карганбек Самаковго чыгарган өкүмдөрү жокко чыгарылып, жазык иши жаңыдан кароого Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна жөнөтүлгөнү жазылат маалыматта.

2017-жылы 19-декабрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо боюнча айыпталган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаков 10 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратылып, мүлкүн конфискациялоо чечимин кабыл алган. Бул чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.