Саясат
Жогорку Кеңештин депутаты коронавирус жуктуруп алды
Элита плюс
Июнь 20, 2020 г.
Жогорку Кеңештин депутаты коронавирус жуктуруп алды
© Элита плюс

Жогорку Кеңештин депутаты Бейшеналы Нурдинов коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн маалымат жыйынында айтты.

Жогорку Кеңештин депутаттары лабораториялык ПЧР анализ тапшырып, жыйынтыгы таза чыккан.

Буга чейин парламенттин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулунан коронавирус табылган. Ал учурда Токмок шаарындагы ооруканада дарыланып жатат.

Нуракун уулу менен байланышта болгон эки депутат Акылбек Жапаров, Каныбек Иманалиевдин жана башка аппарат кызматкерлеринин анализи таза чыкканы кабарланган.

Бейшеналы Нурдинов учурдагы биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Батырбековдун ордуна 10-июнда депутат болуп келген.