Саясат
Жогорку Кеңеште экономикалык мунапыс тууралуу мыйзам долбоору каралууда
Элита плюс
Декабрь 17, 2020 г.
Жогорку Кеңеште экономикалык мунапыс тууралуу мыйзам долбоору каралууда
© Элита плюс

Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңеште экономикалык мунапыс тууралуу мыйзам долбоору каралууда.

"Экономикалык мунапыс маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жатат.

Мыйзам долбоорунун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат.

  • мүлкүн жана кирешелерин өз ыктыяры менен декларациялоо процессине катышкан адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартпоону камсыз кылуу түрүндө көмүскө мүлктү жана кирешелерди мыйзамдуу жүгүртүүгө чыгаруу жолу менен декларанттарга кошумча стимулдарды жана кепилдиктерди киргизүү аркылуу экономикалык активдүүлүктү жогорулатуу;
  • экономикалык кризис жана пандемия шарттарында бизнеске жана ишкердик субъектилерине карата айрым кылмыштар үчүн камакка алуу түрүндөгү чараларды колдонууга мүмкүн эместикти белгилөө жолу менен укук коргоо органдарынын мыйзамсыз иш-аракеттеринен коргоонун кошумча механизмдерин камсыз кылуу;
  • мамлекетке, коомго же жеке адамга келтирилген зыянды өз ыктыяры менен төлөп берген учурда, соттолгондордун, айыпталуучулардын жана шектүүлөрдүн айрым категорияларын жазык жоопкерчилигинен жана жазадан бошотуу менен, эркиндигинен ажыратуу жайларындагы жана тергөө изоляторундагы эпидемиологиялык кырдаалдын татаалдашына жол бербөө;
  • айрым экономикалык жана салыктык кылмыштар, ошондой эле менчикке каршы кылмыштар, коммерциялык жана башка уюмдарда кызматтын кызыкчылыгына каршы жасалган кылмыштар үчүн материалдык зыянды өз ыктыяры менен жабууга түрткү берүү;
  • тергөө жана сот органдарына, ошондой эле жазаларды аткаруу органдарына түшкөн жүктү азайтуу үчүн шарттарды түзүү.

Мыйзам долбоору тарабынан сунуш кылынган ченемдер соттолгондорду жана тергөө учурунда камалган адамдарды багууга мамлекеттин кетирген чыгымдарын кыскартууга мүмкүндүк берет жана айрым экономикалык жана салыктык кылмыштар, ошондой эле менчикке каршы кылмыштар, коммерциялык жана башка уюмдарда кызматтын кызыкчылыктарына каршы кылмыштар үчүн жазык жоопкерчилигин гумандаштырууга багытталган. Ошол эле учурда, бул ченемдер жогоруда аталган кылмыштар үчүн эркинен ажыратылбастан жазалоону камсыз кылат, бул жолунан адашкан адамга коомдо калууга жана анын оңолушуна мүмкүнчүлүк берет.
https://www.super.kg/kabar/news/337545/