Саясат
Жогорку  Кеңеш  Конституциянын жаңы долбоорун карап жатат
Элита плюс
Март 03, 2021 г.
Жогорку  Кеңеш  Конституциянын жаңы долбоорун карап жатат
© Элита плюс

Жогорку   Кеңештин 3-мартындагы жалпы жыйынында депутаттар Конституциянын жаңы долбоорун жана референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбоорун карап жатат.

Кечээ, 2-мартта Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумду 11-апрелге дайындоону  жактырган.

Эскерте кетсек, Конституциянын жаңы долбоору Жогорку Кеңештин расмий сайтына жайгаштырылып, коомдук талкууга алган.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун 2020-жылдын 20-ноябрындагы жарлыгына ылайык түзүлгөн Конституциялык кеңешме Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленип, 2020-жылдын 17-ноябрында коомдук талкууга чыгарылган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы долбоорун карап, талкуулоодон кийин кайра демилгечилердин кароосуна жөнөткөн.