Саясат
Жогорку Кеңеш каникулга тарады
Элита плюс
Июнь 30, 2020 г.
Жогорку Кеңеш каникулга тарады
© Элита плюс

Бүгүн парламенттин кезексиз жыйынында төрагасы Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын 7-сессиясынын жабылышы тууралуу жарыялады.

“Сессиялык мезгил ичинде 136 мыйзам, 614 токтом кабыл алынды. Премьер-министрдин, башкы прокурордун, Улуттук банктын, Эсеп палатасынын төрагаларынын жылдык отчеттору угулду. Жарандардын 15 миңден ашык кайрылуусу каралып, шайлоочулар менен 29 миңден ашык жолугушуу өткөрүлдү”, - деди ал.