Дүйнөдө
Жо Байден коронавируска каршы эмдөөдөн өттү
Элита плюс
Декабрь 22, 2020 г.
Жо Байден коронавируска каршы эмдөөдөн өттү
© Элита плюс

АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден менен жубайы көпчүлүктүн катышуусунда коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өтүштү. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, Байдендин эмдөө алып жатканы түз эфирде көрсөтүлгөн.

Ачык маалымат булактарында жазылгандай, Жо Байден менен жубайы "Biontech" жана "Pfizer" компаниялары өндүргөн вакцинаны тандашкан. "Вакцинаны иштеп чыгуу үчүн күнү-түнү иштеген окумуштууларга рахмат. Биз силерге көп жакшылыктарды жасоого милдеттүбүз. АКШ элинин кооптонуусуна негиз жок. Вакцина жеткиликтүү болгондо баарыңыздарды эмдөөдөн өтүүгө чакырам", - деген Жо Байден.