Саясат
ЖКнын комитети Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин колдоду
Элита плюс
Октябрь 21, 2020 г.
21-октябрда Жогорку Кеңештин комитети айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына Тилек Токтогазиевдин талапкерлиги каралды.
Анын талапкерлигин президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров сунуштаган.
Депутат Аалы Карашев эң көп чын айтылган тармак аталган министрлик экенин айтып, ийлигик каалады.
Жыйынтыгында депутаттар Токтогазиевдин талапкерлигин колдоду.