Маданият
ЖКнын депутаты Гүлшаркан Култаева ырчы Бекжан Темирханды эскерүү концертине 2 миң доллар которду
Элита плюс
Декабрь 03, 2022 г.
ЖКнын депутаты Гүлшаркан Култаева ырчы Бекжан Темирханды эскерүү концертине 2 миң доллар которду
© Элита плюс

Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшаркан Култаева ырчы Бекжан Темирханды эскерүү иш чарасына 2 миң доллар которду. Бул тууралуу Кыргыз Эл артисти Сыймык Бейшекеев жеке баракчасы аркылуу билдирди.

“Жогорку Кеңештин дагы бир депутат айымы Гүлшаркан Култаева Бекжан инибизди эскерүү иш чарасына 2000 доллар (170 миң сом) которду. Эл арасынан чыккан эсил кайран талантка, энелик жүрөгүңүз менен жасаган жардамыңызга уюштуруу тобунун атынан алкыш айтам, аялдык бакытка бөлөнүп кылым жашаңыз урматтуу Гүлшаркан айым!”, - дейт ырчы мырза.

Эске салсак, буга чейин ЖКнын депутаты Шаирбек Ташиев үй-бүлөсүнүн атынан 5 миң доллар которгон.