Коом
ЖКККББнын бир катар бөлүм башчылары ротацияланды
Элита плюс
Май 23, 2023 г.
ЖКККББнын бир катар бөлүм башчылары ротацияланды
© Элита плюс

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бир катар бөлүм башчылары ротацияланып, жаңы кызматтарга дайындалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- милициянын полковниги Абдукеримов Альберт Маматбекович ЖКККББнын Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызмат бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулуп, ошол эле башкы башкармалыктын Талас ОИИБ боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы кызматына;

- милициянын полковниги Чалыбаев Мирлан Райымбекович ЖКККББнын финансы-чарбалык башкармалыгынын башчысы кызматынан бошотулуп, ошол эле башкы башкармалыктын Нарын ОИИБ боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы кызматына;

- милициянын подполковниги Жумагулов Айбек Рыскулович ЖКККББнын Бишкек ШИИББ боюнча милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматынан бошотулуп, ошол эле башкы башкармалыктын Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызмат бөлүмүнүн башчысы кызматына;

- милициянын подполковниги Жангабылов Бактыбек Кемелович ЖКККББнын Нарын ОИИБ боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулуп, ушул эле башкармалыктын жол кайгуул кызматы жана укук колдонуу практикасы башкармалыгынын нөөмөт бөлүгүнүн башчысы кызматына;

- милициянын подполковниги Кошматов Асылбек Абдыганиевич ЖКККББнын кадрлар бөлүмүнүн кесиптик даярдык жана өздүк курамы менен иштөө тобунун улук тескөөчүсү кызматынан бошотулуп, ошол эле башкы башкармалыктын финансы-чарбалык башкармалыгынын башчысы кызматына;

- милициянын подполковниги Исаков Алмазбек Карыпович ЖКККББнын Талас ОИИБ боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” КР мыйзамына ылайык бошотулду.

Белгиленгендей, жаңы дайындалган жетекчилерге жол кырсыктарын алдын алуу, кырсыктардын санын кыскартуу, коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү иш-чараларын чыңдоо тапшырмалары берилди.