Парламент
ЖК Төрагасы жана депутаттар Кореядагы Кемёнг университетинде болушту
Элита плюс
Февраль 21, 2023 г.
ЖК Төрагасы жана депутаттар Кореядагы Кемёнг университетинде болушту
© Элита плюс
ЖК Төрагасы жана депутаттар Кореядагы Кемёнг университетинде болушту
© Элита плюс
ЖК Төрагасы жана депутаттар Кореядагы Кемёнг университетинде болушту
© Элита плюс
ЖК Төрагасы жана депутаттар Кореядагы Кемёнг университетинде болушту
© Элита плюс

Бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Корея Республикасындагы расмий иш сапарын Кемёнг университетинде улантып, парламенттик делегация мүчөлөрү менен бирге 1899-жылы негизделген окуу жайды көрүп чыкты. 

Алсак, Кемёнг университетинде 29 миңдей студент окуйт, анын ичинен 89 мамлекеттен келген 2400дөй жаран билим алат. Алардын катарында кыргызстандык студенттер дагы бар. Айрыкча, акыркы жылдары аталган окуу жай Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен жигердүү кызматташып келет. 

Билим берүү мекемесинин жетекчилери жана окутуучулары менен жолугушуп, баарлашкан Нурланбек Шакиев Кореянын заманбап билим берүү жаатындагы тажрыйбасы Кыргызстан үчүн маанилүү экенин белгиледи. 

Муну менен катар Төрага баштаган делегация Кемёнг университетинин алдындагы “Донгсан” медициналык борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Белгилей кетсек, окуу жайдын карамагында иштеген оорукана 2 жарым миң чарчы метр аянтты ээлеп, бир эле убакта 4 миң адамга медициналык кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Көпчүлүк учурда Кемёнг университетинде билим алган адистер эмгектенет. Кыргызстандан да дарыгерлер тажрыйба алмашууга барып, кээде бейтаптар да дарыланып келет. 

Борбордун жамааты менен жолугушууда Төрага Нурланбек Шакиев Корея мамлекети алдыңкы технологиялык өндүрүштөрү менен гана өзгөчөлөнбөстөн, акыркы мезгилдери сапаттуу медициналык тейлөөсү менен да таанылып жатканына токтолду. “Андыктан калыптанган алакаларды арттырып, билим берүү жана саламаттыкты сактоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүбүз кажет”, – деди.

Өз кезегинде Кемёнг университетинин ректору Шин Иль Хи эки элдин байланышы 30 жылды гана камтыбастыгын айтып: “Кыргыз-корей калкынын тарыхый байланышы терең. Бири-бирибизден алыс жайгашканыбызга карабай, бизди Улуу Жибек жолу жана түпкү тамырыбыз жакындатып турат”, – деп кошумчалады. 

Эскерте кетсек, Төрага Нурланбек Шакиевди орун басары Нурбек Сыдыгалиев, депутаттар Султанбай Айжигитов, Акылбек Түмөнбаев, Марлен Маматалиев, Жанарбек Акаев, Искендер Матраимов, Айбек Алтынбеков, Таалайбек Сарыбашов, Алишер Эрбаев жана Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова коштоп жүрөт.