Эл өкүлү
ЖК депутаты Төрөбай Зулпукаров Кызыл-Кыядагы, Ноокаттагы 2 оорукананын курулуш иши менен таанышты
Элита плюс
Июль 05, 2020 г.
ЖК депутаты Төрөбай Зулпукаров Кызыл-Кыядагы, Ноокаттагы 2 оорукананын курулуш иши менен таанышты
© Элита плюс

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы жана Ноокат районунун Ынтымак айыл өкмөтүндөгү эки оорукананын курулуш ишинин жүрүшү менен таанышып келди. Маалым болгондой, Кызыл-Кыя шаарындагы оорукана “Катар” кайрымдуулук фонду тарабынан, Ноокаттагы оорукана "Ассанабил” кайрымдуулук фонду, депутат Төрөбай Зулпукаров жана анын командасы тарабынан курулууда.

Кызыл-Кыя шаарындагы оорукана аз күн аралыгында медициналык жабдыктар менен койкалар алынып келип пайдаланууга берилсе, Ынтымак айыл өкмөтүндөгү эки кабаттуу оорукананын да имараты дээрлик бүтүп калган. Зулпукаров учурдагы кырдаалды эске алуу менен ишти тездетип илдетке каршы күрөштү күчөтүү керектигин белгиледи.
“COVID-19 илдетине байланыштуу өлкө аймагында курулуп жаткан ооруканаларды тез арада бүткөрүү бүгүнкү күндүн негизги талабы” деген эл өкүлү ”COVID-19 илдети жеке эле бизди эмес, дүйнө жүзүндөгү өнүккөн өлкөлөрдү түйшүккө салып жатат. Ошого карабастан биз дагы бар күчүбүздү жумшап илдетке каршы аракеттерди көрүүдөбүз. Баарыбыз бул оорудан оолак бололу, аман бололу”, - деп кошумчалады.