-Айбек Жапарович, Жогорку Кеңештин жыйынында учурда курулуш материалдарынын кымбатташына байланыштуу айрым жерлерде курулуп жаткан жаңы мектеп, бала бакчалардын курулуш иши токтоп жатканын айттыңыз. Ушул көйгөй туурасында айтып берсеңиз?
-Пандемиядан кийин жана бүгүнкү күндөгү кырдаалга байланыштуу курулуш материалдарынын баасы эки жарым эсеге көтөрүлдү. Мындан улам Президент Садыр Жапаровго, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровго жана ЖК депутаттарына 100дөй курулуш ишканаларынын өкүлдөрү кайрылган. Мисалы 2019-жылы курулуш материалдары арзан убакта тендерге катышып, конкурстан 30 млн сомго бир мектепти же бала бакчаны куруп берүү ишин утуп алып, бирок, азыр материалдардын баасы асман чапчыганда ал иш 50-55 миллионго чыгып кеткени баарын убайымга салууда. Чындап мындай көйгөйдү алар көтөрө албайт. Кээ бир куруучулар мектеп же бала бакчаны салып жетишип калса, кээ бирлери жаңыдан сала баштаган. Айрымдарынын акчалары убагында которулбай токтоп калган. Учурда аткаруу бийлиги “акчаңарды эми которуп берели, бүтүргүлө” деп жатышкандыктан, куруучулар бизге кайрылууда. Бул маселе боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Үсөнбековичке айтсам, ал “Сөзсүз чечип беребиз” деп жооп берген. Муну чечип, жетиштүү акча бөлүп берсек, алар да биз каалагандай, талапка жооп бере турган мектеп, бала бакчаларды куруп беришет. Негизинен казынанын көпчүлүгүн (баарын десек да болот) жеке ишкерлер толтуруп жатат. Андыктан, алардын ишин колдоп, факты менен карап, акчасын чечип беришсе сентябрда айрым мектеп, бала бакчалар ишке кирмек. Болбосо бүгүнкү күндө бала бакчаларда бир керебетте экиден бала уктайт. Мектептерде бир класста 50-60тан окуучу окуп жатат. Тезинен планга кирген мектептерге акчасын чечип берип, курулушун бүтүрүү кажет. Министрлер Кабинети курулуш тармагындагы көйгөйлөрдүн чечүүчү жолун карап чыгып, өзүбүздөн чыккан материалдарды колдонууга жана сырттан келген материалдардын баасын бир аз арзандаттууга аракеттенсе деген ниеттемин. Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине бир жылдык курулуш үчүн эки миллард сомго бир миллард сом гана кошулуп үч миллиард сом берилди. Бул республика боюнча курулуш иштерине аз. Мүмкүн болсо аны 10 миллард сомго көтөрсө болот. Ошондо келечекте бала бакча, мектептер көп курулуп, ыңгайсыздыктар азайып, билим берүү тармагында тейлөө шарты жакшырмак.
-Бир депутат айым “Ар бир айылга бирден мечит курганча, бир айыл өкмөткө бир эле мечит салып, тескерисинче ар бир айылга мектеп курсак жакшы болмок” деген оюн айтты. Сиз буга кошуласызбы?
-Биздин келечегибиз өсүп келе жаткан жаш муун. Кеч болуп кала электе аларга азыртадан кам көрүп, жеткиликтүү билим, тарбия беришибиз абзел. Учурдагы муунду оңдой албайбыз. Бирок, келечек муунду оң жакка, жакшы нукка бурууга билим менен жол ачсак болот. Ал эми ар бир айылга мечит салбаш керек дегенге кошулбайм. Мечиттен адам баласы руханий азык алат, жан дүйнөсү тазаланат. Андагы имамдар жалган айтуу, арак ичүү, бирөөгө кыянаттык кылуу оор күнөө экенин коомчулукка жеткирип, жаман сапаттардан арылтат. Ага карап, мечитке барган бала да шарият менен түздөнөт. Таңга маал, эрте туруп багымдат намазын окуп, ыйман жолуна ыкташат. Эгер 4-5 километр алыс жайгашкан айыл өкмөттө бир мечит болсо ага кантип барышат. Негизинен мекенди, элди-жерди, ата-эне, бир тууган, жакындарды сүйүү ыймандан башталат. Мындан улам, мектеп сабагына мурдагыдай ыйман сабагы кирсе жогоруда айткандай мекенге, ата-эне, бир тууган, улуу-кичүү, мугалимге кылган мамиле жакшырмак. Жаштар туура жолдо жүрүүгө, бирөөгө жамандык кылбоого, кайдыгер болбоого багыт алмак. Мисалы Японияда ыйман сабагы окутулат. Алардын ыймандуулугун саламдашканынан, баскан-турганынан эле баамдаса болот. Ал эми ыйманга сугарылган өлкө, ыймандуу эл тезирээк өнүгүү жолуна түшөт.
-Эки чакырылышка депутат болдуңуз. Учурда кандай мыйзамдардын үстүндө иштеп жатасыз?
-Жакынкы күндөрү билим берүү тармагына багытталган мыйзам долбоорун алып чыксам деп жатам. Биздин мамлекетте улан-кыздар мектепти аяктаар менен иш издеп, айрымдары эч нерсе түшүнүп, түшүнбөй Россияга, Казакстанга мигрант болуп кетип, тагдырларына балта чаап жатат. Жашынан оор турмушка кабылгандар бар. Мындан улам, ар бир уул же кыз өзүнүн шыгы же талантына жараша мектепти аяктаганда эле бир кесипти алып чыкса деген ниетте жаңы мыйзам долбоорун даярдап жатам. Мисалы окуучу мектептен эле ашпозчулук, устачылык, дизайнер, верстальщик, айтишник, программист, тигүүчүлүк жана башка жеңил кесиптерди алып чыкса, бул ар бир баланын келечеги үчүн жакшы нерсе. Мектепти бүтүп, жашоо шартына байланыштуу жогорку окуу жайга окуй албай калган улан-кыздар орто мектепте алган кесиптик билими менен тандаган тармагында иштей бермек. Аларга жумуш орундары да түзүлмөк. Мүмкүн иштеп, материалдык базасын түзүп алып жогорку окуу жайда да окуп адистик алып чыкмак. Болбосо бизде мектепти жаңы бүткөндөрдү кара жумушка же кафе-ресторандарга тейлөө кызматына эле албаса, башка жерге жумушка албайт. Андыктан, жакында бул мыйзам долбооруна үч-төрт депутат эже-агайлардын сунуш-пикирлерин кошуп, палатага алып чыгам.
Жазгүл КАРБОСОВА