Аймактар
Жети-Өгүз районунда тургундар прокуратурага кол салышты
Элита плюс
Октябрь 07, 2020 г.
Жети-Өгүз районунда тургундар прокуратурага кол салышты
© Элита плюс

Жети-Өгүз районунда жергиликтүү тургундар жергиликтүү прокуратурага кол салышкан. Белгилүү болгондой, имаратка 20дай адам кирип, райондук прокурор Мирлан Ашырбаевдин кызматтан кетишин талап кылышкан. 

Алдын ала маалыматтар боюнча, жергиликтүү тургундар катардагы кызматкерлердин бирин сабап салышкан. Азыр көзөмөл органынын иши убактылуу токтотулду. Прокурорлордун айрымдары коопсуз жайларга качууга аргасыз болушкан. Прокурор кызматтан кетүү тууралуу арызын жазып берди. 

Ошондой эле, Нарын облусунун прокуратурасына да кол салуу жөнүндө белгилүү болду. Прокурор кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазган.