Коом
"Жерүй" алтын кенинде 5-6 имарат өрттөндү
Элита плюс
Октябрь 07, 2020 г.
Талас облусундагы «Жерүй» алтын кенинде абал турукташты. Бул тууралуу «Алтын Альянс» ишканасынын басма сөз катчысы Касиет Карачолокова билдирди.
Анын айтымында, алтын кен ишканасын басып алуу аракеттери болуп, 5-6 имарат өрттөлгөн. Учурда зыяндын эсеби тактала элек.
«Алтын Альянс» ишканасы өрттөлгөн имараттарды кайра калыбына келтирүүгө аракет кылат. Учурда элдик кошундар тарабынан да ишкананы бүлүндүрбөй коргоо боюнча сунуштар түшкөн.