Президент
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол коюлду
Элита плюс
Июнь 20, 2020 г.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол коюлду
© Элита плюс

Президент  Сооронбай Жээнбеков «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.  Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 21-майында кабыл алынган. Бул мыйзамдын максаты — «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен шайкеш келтирүү.  Кабыл алынган мыйзамга ылайык, депутаттык ыйгарым укуктарды мамлекеттик же муниципалдык билим берүү жана саламаттык сактоо мекемесинин жетекчиси кызматы менен айкалыштырууга болот.  Аталган мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.