Президент
Жээнбековду бир катар чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар колдошууда
Элита плюс
Октябрь 15, 2020 г.
Жээнбековду бир катар чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар колдошууда
© Элита плюс

Акыркы саясий окуяларга байланыштуу туруктуулукту калыбына келтирүү, мыйзамдуулукка кайтып келүү үчүн бир катар чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековду колдошууда. Бул тууралуу өлкө башчынын расмий сайты кабарлады.

Алар — Орусия, Америка Кошмо Штаттары, Казакстан, Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугу, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюму, Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясы, Евробиримдик.

«Орусия союздаш жана стратегиялык өнөктөш катары, кырдаалдын биринчи күндөрүнөн тарта Жээнбековго ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет. Президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путиндин ортосунда бир катар сүйлөшүүлөр болуп өттү. Ошондой эле Борбордук Азия өлкө башчылары бардык маселелер Конституцияны жана улуттук мыйзамдарды так сактоо менен чечилиши керектигин билдиришти. Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев өлкөнүн легитимдүү мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков экендигин айткан».

Ошондой эле БУУнун Борбордук Азия боюнча башкы катчысынын атайын өкүлү Наталья Германдын Кыргызстанга келери кабарланды.

14-октябрда парламент премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрүн шайлап, президент алардын дайындалышы тууралуу жарлыкка кол койду.

Буга чейин, массалык башаламандыктардын натыйжасында күч колдонуу менен адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан кырдаал түзүлгөндүгүнө байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков 19-октябрга чейин Бишкек шаарында өзгөчө абал киргизген.