Саясат
Жээнбеков Сагынбаев менен онлайн кеңешме өткөрдү
Элита плюс
Июль 29, 2020 г.
Жээнбеков  Сагынбаев менен онлайн кеңешме өткөрдү
© Элита плюс

Президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун милдетин аткаруучу Бакытбек Сагынбаев менен онлайн кеңешме өткөрүп, кадрларды тандоо тутумун жакшыртуу чараларын талкуулады. Бакытбек Сагынбаев 1-августтан тартып мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кадрларды тандоонун жаңы сынактык тутуму киргизилерин маалымдады. Ошондой эле адам фактору болбошу үчүн сынактык тандоо максималдуу санариптештирилгенин кошумчалады. Тандоо процессинин ачык-айкындыгын жогорулатуу жана субъективдүү мүнөздөгү факторлорду азайтуу максатында арыз берүүдөн баштап, бардык этаптар автоматташтырылган. Президент өлкөнүн ар кыл тармактарынын өнүгүшүнө кошумча дем берип жаткан жаштарды мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин катарына тартуу саясатын улантуунун маанисин баса белгиледи. Мамлекет башчысы жаш кадрлар сынактардын жыйынтыктарынан күмөн санабашы үчүн аларды ачык-айкын, таза өткөрүү зарылдыгын белгиледи.