Президент
Жээнбеков Россиядан келген медициналык топ менен жолукту
Элита плюс
Июль 24, 2020 г.
Жээнбеков Россиядан келген медициналык топ менен жолукту
© Элита плюс
Жээнбеков Россиядан келген медициналык топ менен жолукту
© Элита плюс
Жээнбеков Россиядан келген медициналык топ менен жолукту
© Элита плюс

Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынан Кыргызстанга келген медициналык топтун жетекчиси - Башкортостан Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов менен жолугушту. Жолугушууга ошондой эле Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко жана Россиянын Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана адамдын бакубаттуулугун коргоо жаатындагы көзөмөл боюнча федералдык кызматтын Вирусология институтунун директорунун орун басары Наталья Пшеничная катышты. Россиянын медиктер тобу өлкөгө 23-июлда Россиянын Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөтүүсүнүн алкагында келишкен. Жээнбеков россиялык адистерге өлкөдөгү татаал мезгилде көмөк көрсөтүү максатында келгендери үчүн ыраазычылык билдирди. Мамлекет башчысы Россия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү, шериктеши катары коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө баа жеткис жардам берип жаткандыгын белгиледи. Илдет менен күрөшүүдө барандуу колдоосу, анын ичинде медициналык жабдуулар жана дары-дармек түрүндөгү гуманитардык жардамы, ошондой эле өлкөнүн медициналык мекемелерине иш жүзүндө жардам көрсөтүү жана коронавирус инфекциясы менен ооруканадан тыш пневмонияны дарылоо боюнча тиешелүү консультацияларды жүргүзүү үчүн дарыгерлердин жоон тобун жибергени үчүн Россиянын Президенти Владимир Путинге ыраазычылыгын айтты. Сооронбай Жээнбеков россиялык медиктердин келиши өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтырууда кыргыз медиктерине сезилерлик колдоо болооруна бекем ишеничин билдирди. Россия Элчиси Николай Удовиченко эки мамлекет башчысынын келишимине ылайык, Россия тарап Кыргызстанга коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө жардам көрсөтүүсүн улантып жатканын белгиледи. Буга чейин өлкөгө россиялык аскердик медиктердин тобу келген.Николай Удовиченко келген адистердин баары илдетти дарылоодо чоң тажрыйбага ээ экенин баса белгилеп, жакында Кыргызстанга жалпы наркы 150 млн рублдик дары-дармектер менен медициналык каражаттар түрүндөгү гуманитардык жардамдын келиши күтүлүп жаткандыгын маалымдады. Башкортостандын Саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги менен чогуу биргелешип аракет көрүүнүн тийиштүү планы иштелип чыккандыгын маалымдады. Ал эки өлкө адистеринин жалпы аракети менен Кыргызстандагы илдетти жеңсе боло тургандыгына ишеним артарын билдирди. Роспотребнадзордун Вирусология институтунун директорунун орун басары Наталья Пшеничная коронавирус дүйнөнүн бардык өлкөлөрү, анын ичинде саламаттык сактоо системасы өнүккөн өлкөлөр үчүн да олуттуу сыноо болуп жаткандыгын билдирди. Ал баса белгилегендей, россиялык адистер тарабынан Кыргызстандын медиктерине методикалык, практикалык жардам берилип, ошондой эле медицина мекемелерине консультативдик колдоо көрсөтүлөт. Жолугушуунун жүрүшүндө россиялык адистердин тобу Кыргызстандын облустарындагы медициналык мекемелерге бөлүштүрүлгөндүгү айтылды.


Флаги блока: