Президент
Жээнбеков менен Путин телефон аркылуу сүйлөштү
Элита плюс
Июнь 27, 2020 г.
Жээнбеков менен Путин телефон аркылуу сүйлөштү
© Элита плюс

26-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки жактын тең кызыкчылыгындагы кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Россия президенти Владимир Путин Сооронбай Жээнбековдун Москвага келгенине ыраазычылыгын билдирди жана аскер парадына катыша албай калгандыгын өкүнүү менен белгиледи.

Владимир Путин Жеңиш парадынын катышуучуларынын катарында өз өлкөсүн татыктуу көрсөткөн Кыргызстандын аскер кызматкерлерине дагы ыраазычылыгын билдирди.

Улуу Жеңиш эки өлкө үчүн ыйык мааниге ээ экенин белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Москва шаарындагы Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата майрамдык иш-чараларга катышууга чакыруу үчүн ыраазычылыгын айтты.

Аскер парадына катышуудан баш тартуу чечими эң биринчи кезекте ардагерлер менен чет элдик делегация башчыларынын саламаттыгына кам көрүү менен шартталганын белгиледи.

Ошону менен бирге кыргызстандыктар Москванын Кызыл аянтында Советтер Союзунун Баатыры Калыйнур Үсөнбеков атындагы аскер институтунун аскерлери жеңишке жетишкен ата-бабаларындай болуп параддан өткөндөрүнө чоң кызыгуу жана сыймыктануу менен көрүшкөнүн баса белгиледи.

Эки мамлекет жетекчилери стратегиялык өнөктөштүктү жогорку деңгээлде колдоо боюнча макулдашышты.