Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүдө
Элита плюс
Сентябрь 01, 2020 г.
Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүдө
© Элита плюс

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүдө. Коопсуздук кеңешинин жыйынында ушул жылдын 4-октябрында Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого даярдыктарды көрүү жана өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө маселе каралууда. Коронавирус инфекциясы пандемиясы шартында парламенттик шайлоону өткөрүүгө даярдык иштеринин жүрүшү тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын жана Премьер-министр Кубатбек Бороновдун маалыматтары угулууда.