Президент
Жээнбеков өкмөттү бекитүү тууралуу токтомду өлкө парламентине кайтарды
Элита плюс
Октябрь 13, 2020 г.
Жээнбеков өкмөттү бекитүү тууралуу токтомду өлкө парламентине кайтарды
© Элита плюс

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков республиканын Өкмөтүнүн түзүмү менен курамын аныктоо, программасын бекитүү тууралуу токтомду өлкөнүн Жогорку Кеңешине кайтарды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Жогорку Кеңеш токтомунун көчүрмөсү Президенттин Аппаратына 2020-жылдын 12-октябрында келип түшкөн.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, Президент үч күндүк мөөнөт менен Премьер-министрди жана Өкмөттүн калган мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө жарлык чыгарат. Эгерде Президент аталган мөөнөттө Премьер-министрди жана Өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө жарлык чыгарбаса, алар дайындалган болуп эсептелинет.

Мындай ченем «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 25-беренесинин 5-бөлүгүндө да каралган.

Ошону менен бирге белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин аталган чечимдери коомчулукта кеңири талкууланып, кабыл алынган чечимдердин легитимдүүлүгү шек жаратууда.

Конституциянын 77-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Жогорку Кеңештин жыйыны ага Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү катышкан шартта мыйзамдуу болот.

"Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө" мыйзамдын 82-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын отурумдары кворум болсо, анда жыйын мыйзамдуу деп табылып, ал эми кабыл алынган чечимдер мыйзамдуу күчкө ээ болот. Жогорку Кеңештин, комитеттердин, комиссиялардын жыйналыштарынын кворуму демек, бул Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын, комитеттердин, комиссиялардын мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн катышуусу дегенди билдирет.

"Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө" КР мыйзамынын 1-беренесине ылайык, жыйынга катышкан депутаттардын саны, жыйын залында отурган жана добуш берүү алдында катталган Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны болуп эсептелет.

Мындан улам, кворумдун болушу 61 депутаттын физикалык түрдө катышуусун билдирет. Ишеним каттардын болушу добуш берүү укугун берет, бирок кворумду түзбөйт.

Берилген маалыматтарга ылайык, Жогорку Кеңештин 2020-жылдын 10-октябрындагы кезексиз жыйынында 51 депутаттын катышканы жана андан тышкары башка депутаттардан 10 ишеним кат бар экендиги расмий жарыяланган.

Мындан улам кворум камсыз кылынган жок, кворумсуз кабыл алынган чечимдер мыйзамсыз жана юридикалык күчкө ээ эмес деп эсептелинет.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты келип түшкөн тиешелүү документтерди парламентке кайтарды.