Президент
Жээнбеков Боронов менен онлайн кеңешме өткөрдү
Элита плюс
Сентябрь 21, 2020 г.
Жээнбеков Боронов менен онлайн кеңешме өткөрдү
© Элита плюс
Жээнбеков Боронов менен онлайн кеңешме өткөрдү
© Элита плюс

Президент Сооронбай Жээнбеков өкмө башчы Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешме өткөрдү. Анда эпидемиологиялык жагдайды жакшыртуу, өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, коронавирус пандемиясынын шартында күз-кыш мезгилине даярдык көрүү чаралары, ошондой эле Жогорку Кеңешке шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө мыйзамдуулукту сактоо маселелери талкууланды. Боронов аймактардагы ишкерлерди колдоо жана бизнесмендерге жеңилдетилген насыяларды берүү процедурасын жөнөкөйлөштүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди. Мындан сырткары, жакынкы күндөрдө жер көчкү жүрүп кеткен Нарын облусундагы Кара-Кече көмүр кенине баруучу жол ачыларын маалымдады. Учурда көмүр башка маршрут менен ташылып жатат. Муну менен катар өкмөт башчы Ош облусунун Араван районундагы үгүт иштери жүрүп жаткан маалда чыккан калайман мушташ боюнча, укук коргоо органдарына ыкчам түрдө дыкат иликтөө жүргүзүү тапшырылганын белгиледи. Кубатбек Боронов коомдук тартипти талаптагыдай камсыз кыла албагандыгы үчүн Араван ИИБсинин башчысы ээлеген кызмат ордунан бошотулганын айтты. Премьер-министр ошондой эле коррупция менен күрөшүү маселелери жана коррупцияга каршы жаңы стратегия боюнча жакында болуп өткөн Коопсуздук кеңешинин чечимдерин ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу жакын арада жумушчу жыйын өткөрүлөрүн белгиледи. Сооронбай Жээнбеков ишкерлерге насыялык каражаттарды берүүгө көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи. Президент көптөгөн бизнесмендер, айрыкча өнөр жайды кайра иштетүү менен алектенгендер аймактарда ишкерликти жана фермерчиликти колдоо боюнча мамлекеттик программалардан кабарсыз экенин белгиледи. Буга байланышуу ишкерлер арасында жеңилдетилген насыяларды алуу шарттары тууралуу кеңири маалыматтык кампанияларды жүргүзүү зарылдыгы айтылды. Ошондой эле президент санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди сактоо начарлай түшкөнүн баса белгилеп, бир катар чет өлкөлөрдө коронавирусту жаңы жуктургандардын саны өсүп жатканына тынчсыздануусун билдирди. Мындан улам Саламаттыкты сактоо министрлигине калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү сунушталды. Жээнбеков Араван районундагы окуя боюнча өкмөттүн көз карашын колдоого алды. Келечекте мындай окуяларга жол бербөө максатында жогорудагыдай жаңжалдарга компетенттүү түзүмдөр тарабынан өз маалында бөгөт коюлушу керектигин баса белгиледи.