Президент
Жээнбеков Бишкектин мэри Суракматов менен эпидемиологиялык кырдаалды талкуулады
Элита плюс
Июль 07, 2020 г.
Жээнбеков Бишкектин мэри Суракматов менен эпидемиологиялык кырдаалды талкуулады
© Элита плюс

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-июлда, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов менен онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Борбор калаадагы учурдагы эпидемиологиялык кырдаал жана аны турукташтыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

Мэр Азиз Суракматов Бишкек шаарынын аймагында коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүнүн алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат берди.

Бүгүнкү күндө Бишкек боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы 3434 адамдан лабораториялык жол менен тастыкталганын, республика боюнча ооругандардын жалпы санынын 42%ын түзөрүн билдирди.