Коом
Жаңы жылда өлкөдө мамлекеттик кызматта иштеген жарандар 3 күн катары менен эс алат
Элита плюс
Декабрь 04, 2020 г.
Жаңы жылда өлкөдө мамлекеттик кызматта иштеген жарандар 3 күн катары менен эс алат
© Элита плюс

Жаңы жылда өлкөдө мамлекеттик кызматта иштеген жарандар 3 күн катары менен эс алат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 1-январь жума күн майрамдык күнгө туш келгендиктен эс алуу болот. 2-3-январь ишемби жана жекшемби күндөрү. 4-январдан 6-январга чейин кайрадан иш күндөрү. 7-январь, бейшемби, өлкөдө дем алыш күн, ал эми 8-январь кадимкидей иш күнү болот.

Алдын ала маалымат боюнча, бул жолу иш күндөрү жылдырылбайт.