Коом
Жаңы мыйзам: Аш-тойдо бодо мал сойсоң, айып төлөйсүң
Элита плюс
Май 11, 2021 г.
Жаңы мыйзам: Аш-тойдо бодо мал сойсоң, айып төлөйсүң
© Элита плюс

Аш-тойлорго чектөөлөрдү киргизүү маселесин камтыган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына 10-майдан тарта коомдук талкууга коюлду. Мыйзамды депутат Улукбек Ормонов демилгелеген.

Мыйзам аш-тойлордогу ашыкча чыгымды болтурбоо, шаан-шөкөттү азайтуу, ошондой эле каржыны сарамжал пайдаланууга багытталган элдик демилгелерди колдоо максатында жазылган. Ага ылайык, той, маараке, үй-бүлөлүк салтанаттарга чакырылган коноктор 100дөн ашпашы керек. Үлпөт тойлорго 200гө чейинки конок катышып, банкет менен бир күндүн ичинде өткөрүлөт. Никелешүүнү мамлекеттик каттоо салтанатына 3төн ашык машина менен барууга тыюу салынат.

Маркумду акыркы сапарга узатууда адам санына чек коюлбайт. Бирок бодо мал союуга тыюу салынат. Жетилиги, кыркылыгы, ашы сыяктуу жөрөлгөлөргө 100дөн ашык адамды чакырууга болбойт, анда да бодо мал союлбайт.

Зыяратчыларды узатуу жана тосуп алуу үй-бүлө, жакындары менен гана өткөрүлөт. Конок чакырып, жалпы иш-чараларды уюштурууга катуу тыюу салынат.

Үлпөт той, маараке-салтанаттарды, сөөк коюу жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүү эс алуу күндөрү саат 8:00дөн 23:00гө чейин, ал эми иш күндөрү саат 18:00дөн 22:00гө чейин жүргүзүлөт.

Жогорудагы эрежелерди бузгандар 8 категориядагы айыпка жыгылышат. Эң жогорку айып жеке тараптарга 17,5 миң сом, юридикалык жактарга 55 миң сом.

 

 

 
2 ПИКИР