Коом
Жаңы 71 учур катталды. Кыргызстанда коронавирус жуккандардын саны 1002ге жетти
Элита плюс
Май 10, 2020 г.
Жаңы 71 учур катталды. Кыргызстанда коронавирус жуккандардын саны 1002ге жетти
© Элита плюс

Кыргызстанда 10-май саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган жаңы 71 учур катталды. Анын ичинен 55 учур Соль-Илецк шаарынан келгендерден аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1002 адамга жетти.

"Россиянын Соль-Илецк шаарынан келген 541 адамдын ичинен 55 жаранда коронавирус табылды. Ошентип, 2020-жылдын 10-майына карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 71 учуру катталды", - дейт ал.

Жаңы катталган 71 учурдун ичинен:

- Бишкек шаарында – 2;
- Чуй облусунда - 56, алардын ичинен 55 Соль-Илецк шаарынан келгендер;
- Жалал-Абад облусунда - 5;
- Ош облусунда - 3;
- Баткен облусунда - 4;
- Нарын облусунда - 1.