Дүйнөдө
Жашоочулар Лондон шаарынан массалык түрдө чыгып кетүүдө
Элита плюс
Декабрь 21, 2020 г.
Жашоочулар Лондон шаарынан массалык түрдө чыгып кетүүдө
© Элита плюс

Улуу Британиянын борбору Лондон шаарында жашоочулар коронавирустун жаңы түрү аныкталгандыгына байланыштуу чектөөлөрдү күчөткөндөн кийин шаардан массалык түрдө кетип жатышат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жаңы чектөө чаралары күчүнө кире электе эле Лондондон чыгып кетүүгө аракет кылган жарандардын калың тобу шаардын ири темир жол бекеттеринде топтолгон. Ошондой эле Лондонду өлкөнүн башка аймактары менен байланыштырган ири жолдордо да чоң тыгындар пайда болууда.

Буга чейин Улуу Британиянын бийлиги өлкөдө аныкталган коронавирустун жаңы түрү демейдегиден 70 пайызга көп жугуштуу болушу мүмкүн экендигин айтып, калктан андан этият болууну талап кылган.