Коом
Жасалма паспорт менен жүргон жарандар такталды
Элита плюс
Июль 11, 2020 г.
Жасалма паспорт менен жүргон жарандар такталды
© Элита плюс

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү жасалма кыргыз документтери менен жүргөн башка өлкөнүн жарандары аныкталганын маалымдады. Милициянын маалыматына ылайык, коңшу өлкөнүн 35 жаштагы жараны Орусияда жасалма кыргыз паспортун пайдаланып жүргөн. Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн биринин 30 жаштагы жараны да кыргыз паспорту менен айдоочулук күбөлүгүн колдонуп жүргөнү аныкталды. Мындан сырткары Орусияда Жалал-Абал облусунун 28 жаштагы тургуну жасалма айдоочулук күбөлүк, Баткен облусунун 48 жаштагы тургуну жасалма паспорт, Ош облусунун 25 жаштагы тургуну жасалма паспорт жана айдоочулук күбөлүк колдонуп жүргөнү аныкталган. Жогорудагы документтер Кыргызстанда расмий орган тарабынан берилген эмес. Милиция алар эмгек мигранттары экенин белгиледи. Учурда бул фактылар боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Орусиядагы эмгек мигранттарын документтерди расмий органдардан алууга чакырат. Жасалма документ менен кармалгандар жазага тартыларын эскертет.