Коом
Жасалма дем алдыруу аппаратында жаткан бейтап учурда өз алдынча дем алып калды
Элита плюс
Апрель 01, 2020 г.
Жасалма дем алдыруу аппаратында жаткан бейтап учурда өз алдынча дем алып калды
© Элита плюс

Жасалма дем алдыруу аппаратында жаткан бейтап учурда өз алдынча дем алып калды. Бирок, жандандыруу бөлүмүнөн чыга элек, азыр абалы орто-оор. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди. Анын айтымында дагы 2 оорулуунун абалы туруктуу оор абалда болууда. Алар реанимацияда. Эскерте кетсек, 2020-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстанда коронавирусун жуктуруунун 4 жаӊы учуру катталды: Бардыгы болуп республика боюнча 111 тастыкталган учур бар. Коронавирусу аныкталган бейтаптардын 59 аял, 52 эркек.