Коом
Жаратылыш кырсыктарын алдын алуу иштери уланууда
Элита плюс
Сентябрь 15, 2020 г.
Жаратылыш кырсыктарын алдын алуу иштери уланууда
© Элита плюс

Быйыл Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 285 объектиде сел, суу ташкындарын алдын-алуу иштерин жүргүздү. Быйыл жалпысынан 356 объектиде жумуштарды алып баруу  мерчемдеген. Анын 285 объектисинде табият кырсыктарынын алдын алуу максатында суу жээктерин бекемдеп, дамбаларды, сел өтүүчү каналдарды тазалоо иштерин аткарышкан. Ошондой эле, аймактардагы 55 жергиликтүү бийлик дагы сел, суу ташкындарын алдын алуу иштерин жүргузүшкөн. Ал эми ӨКМ күйүүчү-майлоочу каражаттарды, атайын торчолорду берген. Натыйжада табигый кырсыктардан - 13 миң 434 кожолук жана 6734,3 га чарба аянттары, корголду. Анын ичинде  мектеп, бала бакча, мечит жана насостук станция, суу түтүкчөлөр бар.