Саясат
Жапаров менен Рахмон Душанбеде жолугушуу өткөрүүнү макулдашышты
Элита плюс
Апрель 30, 2021 г.
Жапаров менен Рахмон  Душанбеде жолугушуу өткөрүүнү макулдашышты
© Элита плюс

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон үстүбүздөгү жылдын май айынын экинчи жарымында Душанбе шаарында жолугушуу өткөрүүнү макулдашышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Белгилей кетсек, бүгүн, 30-апрелде эки өлкө башчылары телефон аркылуу сүйлөштү.

Маалыматка ылайык, өлкөлөрдүн аймактык бүтүндүгүн өз ара урматтоо принциптеринин негизинде жана ынак коңшулук маанайда конструктивдүү диалог болду.

Мамлекет башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги кырдаалды жана аны тез арада жөнгө салуу чараларын талкуулашты.

"Мамлекет башчылары учурдагы тузүлгөн кырдаалды тынчтык жолу менен гана чечип, үстүбүздөгү жылдын май айынын экинчи жарымында Душанбе шаарында жолугушуу өткөрүүнү макулдашышты", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тараптардын өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүлөрү эртең, 1-майда, Баткен облусунда өтөт.