Саясат
А.Жапаров: "Өлкөдөн тышкаркы иш сапарлар ТИМ менен макулдашылышы керек"
Элита плюс
Февраль 20, 2023 г.
А.Жапаров: "Өлкөдөн тышкаркы иш сапарлар ТИМ менен макулдашылышы керек"
© Элита плюс
А.Жапаров: "Өлкөдөн тышкаркы иш сапарлар ТИМ менен макулдашылышы керек"
© Элита плюс
А.Жапаров: "Өлкөдөн тышкаркы иш сапарлар ТИМ менен макулдашылышы керек"
© Элита плюс

Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйыны өттү.

Жыйындын күн тартибинде 12 маселе каралып, добуш берүү электрондук форматта болду.

Атап айтканда, Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин иши каралды.

Мында Министрлер Кабинетинин башчысы Кыргызстандын аймагынын сейсмикалык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен курулуш тармагын реформалоо боюнча Программанын долбоорун кароого киргизүүнү тапшырды.

Жыйындын жүрүшүндө ошондой эле мамлекеттик органдардын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүү маселеси да каралды.

Министрлер Кабинетинин башчысы чет өлкөлүк сапарлардын максатка ылайыктуулугун кылдат талдоо жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Өлкөдөн тышкаркы бардык сапарлар тышкы саясатты жүргүзүүчү ведомство менен макулдашылышы керек. Ар бир сапардын жыйынтыгы боюнча саякат мамлекеттин эсебинен, же чакырган тараптын эсебинен уюштурулганына карабастан, сапардын жыйынтыгы боюнча отчет берүү зарыл. Бул маселе ведомство жетекчилери тараптан катуу көзөмөлгө алынышы тийиш”, - деди Акылбек Жапаров.