Саясат
Жапаров экономиканы кантип көтөрөт?
Элита плюс
Январь 13, 2021 г.
Жапаров экономиканы кантип көтөрөт?
© Элита плюс

Өлкө экономикасын көтөрүү үчүн коррупцияны жоюп, кен байлыктар чыккан жерлерди өзүбүз иштетишибиз керек, деп билдирди «Россия 24» телеканалына берген маегинде президенттик шайлоодо утуп чыккан Садыр Жапаров.

Анын айтуусуна караганда, алгачкы жыйынтыктар бар.

«Мисал катары келтирсем, май айында бажы төлөмдөрүн чогултуудан бюджетке 1,5 млрд сом түшсө, ноябрда 3,7 млрд сом түшкөн. Экономиканы көтөрүү үчүн өзүбүздүн ички ресурстарды колдонуу керек. Жаратылыш ресурстарын өзүбүз иштетишибиз керек. Мен учурда ревизия жасап көрдүм, дээрлик кендердин 95-96 пайызы жеке компаниялар тарабынан иштетилип, мамлекеттик бир пайыз да үлүшү жок экен. Ошондуктан, мамлекет өзү 100% жаратылыш байлыктарын иштетип, экономикабызды көтөрөбүз», - деди Жапаров.