Коом
ЖАМКтын мекемелеринде сот отурумдары онлайн режиминде өткөрүлүүдө
Элита плюс
Июль 08, 2020 г.
ЖАМКтын мекемелеринде сот отурумдары онлайн режиминде өткөрүлүүдө
© Элита плюс

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) мекемелеринде сот отурумдары онлайн режиминде өткөрүлүүдө. Бул тууралуу ЖАМКтын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 8-июлда видеоконференция түрүндө онлайн сот отуруму болуп өттү.

Сот отуруму Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту менен Бишкек шаарынын №1- тергөө изоляторунун ортосунда саат 10:00 жана 14:00 ортосунда өттү. СИЗО-1де онлайн соттук отурумдарды өткөрүү үчүн толугу менен жабдылган жана бардык талаптарга жооп берген атайын 4 бөлмө даярдалган.

Эске салсак, Кыргызстанда 2020-жыл Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыяланган. Ушуга байланыштуу бүгүнкү күндө ЖАМК санариптештирүүгө толук даяр жана бардык ЖАМКтын мекемелеринде онлайн сот отурумдарын өткөрүүгө даяр.

Мындан тышкары, 2019-жылдын август айында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын борбордук аппаратында Кыргыз Республикасынын ошол кездеги премьер-министри М. Абылгазиевдин катышуусу менен ЖАМКнын Талдоо жана мониторинг борборунун салтанаттуу ачылышы болуп өткөн. Бүгүнкү күндө ушул борбордун жардамы менен ЖАМКтын бардык мекемелери күнү-түнү онлайн режиминде көзөмөлдө турат.

Ошондой эле ушул борбордун жардамы менен семинарлар, атайын комиссиянын отурумдары, кызматкерлер үчүн окуулар жана тренингдер, соттук отурумдар видеоконференция түрүндө өткөрүлүп жатат.