Саясат
ЖАМК: Ибраимов менен Исаков абакка кайтып келген жок
Элита плюс
Октябрь 14, 2020 г.
ЖАМК: Ибраимов менен Исаков абакка кайтып келген жок
© Элита плюс

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков менен Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов абакка кайтып келген жок.

"Кабар" агенттигине Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришкендей, аталган факттар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине жаза мөөнөтүн өтөөдөн качуу катары каттоого алынган.

Эскерте кетсек Исаков менен Ибраимов шайлоонун жыйынтыгына нааразы тараптардын 5-октябрдагы митингинен кийин башталган башаламандыктардан кийин бошотулушкан.