Коом
Жалпы республикалык тестирлөөнун кочумча этабы болот
Элита плюс
Июль 13, 2020 г.
Жалпы республикалык тестирлөөнун кочумча этабы болот
© Элита плюс

Жалпы республикалык тестирлөөнүн кошумча этабы бүгүн Бишкек жана Ош шаарларында башталды. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, кечиктирилген тестирлөөгө буга чейинки сынакка ар кандай себептерден улам тапшырбай калган мектептин жана колледждердин бүтүрүүчүлөрү үчүн уюштурулууда. 13-июлда алар негизги тесттен өтүштү. Эртең, предметтик тесттер болот. Предметтик тестти абитуриент өзү тандап алат. Бул химия, биология, англис тили, физика, математика, тарых, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты сабактары. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы 17-июлда белгилүү болот.