Коом
Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгына айрымдар нааразы
Элита плюс
Июль 21, 2020 г.
Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгына айрымдар нааразы
© Элита плюс

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгына нааразы болгон айрым абитуриенттерге тестти алган Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору жооп кайтарды. Маалыматка ылайык, болочок студенттер менен ата-энелердин арасында упай менен сертификаттар сатылганы жөнүндө нааразычылыктар болгон. Бирок борбордун өкүлдөрү бул маалыматтарды четке кагып, 2001-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча коррупцияга байланыштуу нааразычылыктар болбогонун билдирди. Эгер Борборго мындай маалыматтар түшкөн учурда күмөн санаган абитуриенттердин аты-жөнүн, каттоо номерин берүүнү сурап, өз ара изилдөө өткөрүшөөрүн кошумчалашкан. Белгилей кетсек, быйыл ЖРТга 43миң 245 бүтүрүүчү катышып, анын ичинен 53 бүтүрүүчү алтын сертификатка ээ болду.