Аймактар
Жалал-Абадда оорукана оңдолууда
Элита плюс
Июль 29, 2020 г.
Жалал-Абадда оорукана оңдолууда
© Элита плюс

Жалал-Абад шаарында жайгашкан Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургия илимий борборунун имараты капиталдык оңдоодон өткөрүлүп жатат. Бул туурасында өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, бул үчүн республикалык бюджеттен 20 миллион сом бөлүнгөн. Оорукананын 2-3-кабаттарын оңдоо пландалып, учурда жумуш кызуу жүрүүдө. "Оңдоо иштерин бир айдын ичинде бүткөрүү талабы коюлган. Ооруканага облус башчысы Нурболот Мирзахмедов барып, жумушту аткарып жаткан компанияга өз мөөнөтүндө бүткөрүү жана сапатка көңүл буруу керектигин эскертти", — деп айтылат маалыматта. Мындан сырткары, Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарындагы мекеме жугуштуу оорулар бөлүмү катары даярдалып жатканы айтылат. Ал имараттын эшик-терезелери алмаштырылып, толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Ага өлкө казынасынан 2,7 миллион сом сарпталмакчы.