Аймактар
Жалал-Абадда кургак учукка каршы жаңы оорукананын курулушу башталды
Элита плюс
Март 22, 2023 г.
Жалал-Абадда кургак учукка каршы жаңы оорукананын курулушу башталды
© Элита плюс

Жалал-Абад облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборуна 96 койкалуу заманбап имараттын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы оорукананын пайдубалына капсула салуу иш-чарасына президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана дарыгерлер катышты.

Маалым болгондой, мекеменин көрпустары 1948-жылдары салынган. Азыркы учурда анда дарылануу, медицина кызматкерлерин иштөөсүнө толук шарт түзулгөн эмес. Жылына 900дөн ашык адам дарыланып, борбордо 250дөй кызматкер эмгектенет.

Облус башчысы 2023-жылы Жалал-Абад шаарын экинчи экономикалык борборго айлантуу үчүн республикалык бюджеттен 2 млрд сом каражат бөлүнгөнүн белгиледи. Анын алкагында элге керектүү болгон объектилерди куруу, медицина тармагын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын кошумчалады. Өкүл бул жылы шаарда ипотекалык турак жайлардын курулушу башталаарын, анда эң алгач социалдык чөйрөнүн кызматкерлери үй менен камсыздалаарын кошумчалады.

Кургак учукка каршы күрөшүү борборунун имаратын ушул жылдын октябрь айына бүткөрүү пландалган. Ага жалпы 300 млн сом бөлүнгөн.